Карылык ниматы


СурооМусулман болуп карыгандык өтө фазилаттуу делүүдө. Бул тууралуу түшүндүрмө бере аласызбы? 

ЖООП

Мусулман – ниматтарга конгон адам. Бир адамдын мусулман болуп жашап чачын агартуусу андан да чоң нимат. Хадиси шарифтерде буюрулду:

«Аллаху таала буюрууда: Карылык – нурум. Нурума нарым менен [Жаханнам оту менен] азап кылуудан уяламын. Андай болсо силер дагы менден уялгыла!» [Абушшейх]

«Хак таала мусулман болуп карыган адамга азап кылуудан тартынат».  [Хатиб]

«Аллаху таала 40 жашка келген мусулманды жиннет, жуззам, барас сыяктуу оорулардан сак кылат. 50 жашка келгенде эсебин жеңилдетет. 60 жашка жеткенде аны кереми менен ырыскыландырат. 70 жашка келгенде аны көктөгүлөргө сүйдүрөт, 80 жашка келгенде жакшылыктарына сыйлык берет, жамандыктарын кечирет. 90 жашка барганда анын өткөн жана келе турчу күнөөлөрүн магфират кылат жана өзүн үй-бүлөсүнө шапаатчы кылат, бир үн ага: «Бул - дүнүйөдө Аллаху тааланын коргоосуна кирген адам», - дейт. [Абу Йа’ла]

«Мусулман болуп карыган адамды сыйлаган Нух алейхиссаламды сыйлаган сыяктуу сооп алат. Нух алейхиссаламды сыйлаган адам болсо Аллаху тааланы сыйлаган болот.) [Хатиб]

«Такбири, тахмиди, таспихи себеби менен мусулман болуп карыган бир момундан да жакшы бирөө жок.» [И.Ахмед] [Такбир – Аллаху акбар, тахмид – Алхамдулиллах, таспих

Субханаллах, тахлил – ла илаха иллаллах деп айтуу.]

1- Кырк жашка чыккан мусулман жиннет, жуззам, жана барас ооруларынан сак болот. 

2- Элүү жашка келген адамдын эсеби жеңилдейт. 

3- Алтымышка кирген салих мусулман шейит болуп өлөт. 

4- Жетимишке киргенди Аллаху таала жана периштелери сүйөт. 

5- Сексенге киргендин күнөөлөрү жазылбайт, сооптору жазылат. 

6- Токсонго киргенден эсеп суралбайт. Үй-бүлө мүчөлөрүнө шапаатчы болот. (Дайлами, Абу Йала)

«Аллаху таала ант кылып: «Мусулман болуп карыган адамга азап кылуудан уяламын», - деп буюрду». Расулуллах алейхиссаламдын ыйлаганы көрүндү. Себеби суралганда: «Аллаху таала андан уялым жаткан болсо да Андан уялбаган адамга ыйлоодомун», - деди. (Байхаки) [Бул жерде билдирилгендер кул акысы жана парз карыздарынан башка күнөөлөрү үчүн.]

Суроо: Карыгандыгыбызды көрсөтпөш үчүн агарган чачтарыбызды бойоо же ак чачтарды жулуу жаизби? 

ЖООП

Бир адамдын мусулман абалда чачынын агаруусу жакшы. Хадиси шарифтерде буюрулду: 
«Агарган кылдарды жулбагыла! Себеби, бир адамдын мусулман болуп агарган ар кылы кыяматта өзү үчүн бир нур болот. Ал кыл себеби менен бир күнөөсү кечирилет, бир сооп жазылат.» [Тирмизи]

«Агарган кылдарды жулбагыла! Ал – мусулмандын нуру». [Тирмизи]
<!-- [endif] -->

«Карылыкты жашыруу үчүн жулунган ак кылдар кыяматта ага сайылыш үчүн шиш болот.» [Дайлами]

«Чачын, сакалын мусулман болуп агарткан кечирилет.» [М.Раббани]

Мусулман болуп каруу мына ушундай жакшылык болуп турса эч себепсиз чачтарды бойоо жакшы эмес. Хадиси шарифтерде буюрулду:

«Аллаху таала чачы-сакалын карага бойогондун бетин кыяматта карабайт.» [Ибни Саид]

«Чачы-сакалын жулгандын же карага бойогондун Аллах алдында насиби жок. [Таберани]

Ислам аалымдары эркектердин чачын, сакалын карадан башка бойокко бойоолорунун жаиз экендигин билдиришкен. Жада калса, жамалдуу болуу үчүн карага бойоонун жаиз экендигин билдирген аалымдар да бар. Хадиси шарифте: «Аллах жамил, жамил ээлерин сүйөт.» [Б.а., Аллаху таала жамалдуу жана жамалдуу болгондорду сүйөт.] Текебердик үчүн кийинүү же бул максатта чачын бойоо – харам. Жамал үчүн болсо жаиз. Жамал – бирөөлөрдүн жийиркенүүсүнө себеп боло турчу нерселерди кылбоо, буларды жок кылуу дегенди түшүндүрөт. (ХадикаЭнвар, Бахр)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш