Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Сөз ташуу, ушакчылык кылуу




Сөз ташуу, ушакчылык кылуу


Даанышман заттар буюрууда:

Намима, б.а., сөз ташуу аманатка кыянат кылгандык болот. Жалган сөз, гыйбат (ушак) жана кыянаттыктан узак туруу керек. Акылдуу болгон адам жалган сүйлөбөйт. Момун адам гыйбат кылбайт. Мына бул үч нерсе Аллаху тааланы өтө капа кылат: 

1- Убакытты бошко өткөрүү,

2- Адамдарды мазактоо,

3- Гыйбат кылуу.

Бирөө тууралуу бирөө бир нерсе айтып жаткан болсо анын жакшылыктарын жана зыянын ойлонуңуз, жакшылыктары көп болсо жакшы адам дейбиз жана жамандыктарын көрбөйбүз. Аллаху таала дагы акыретте тараза курат, соопторду оң тарабына, күнөөлөрдү сол тарабына коёт. Сооптору көп боло турган болсо күнөөлөрдү кечирет. Аллаху таала кулуна ушундай мамиле кылып жаткан болсо биз дагы ошондой кылуубуз керек эмеспи? Дароо жамандыгынан сөз кылуу эмес жакшылыктарын жана жамандыктарын ойлонуу керек. Жакшылыктары көп болсо жамандыктарын дагы кечириш керек. 

Бизге башка бирөө тууралуу сөз алып келген адамга хузнизан кылып ишенебиз дагы сөз кылынган адамдар тууралуу эмне үчүн хуснизан кылбайбыз? Дин жагынан бири бирөө тууралуу бир нерсе айтса кабыл кылынбайт. Намиманы кабыл кылуу, б.а., тыңдоо айтуудан дагы жаман. Б.а., бирөө келип бизге бирөө тууралуу бир нерсе айтса муну тыңдоо аны айтуудан дагы чоң күнөө. Себеби, тыңдоо айтуусуна уруксат берүү болуп саналат. Айтылган сөз туура болсо гыйбат, жалган болсо ифтира болот. 

Бизге сөз алып келгендерди душман көзү менен кароо керек. Себеби, бизди дагы күнөөгө киргизүүдө, дин бир тууганыбыздын дагы кемчилигин ортого чыгарып анын кадыр-баркын кетирүүгө аракет кылууда. Эгер жалган дагы бар болсо Аллаху таалага каршы чыгып, шайтанга моюн сунуп жатат деген сөз. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Эң жаманыңар сөз ташыган, достордун ортосун бузганыңар жана айып-кемчилик издегениңер», - деп буюрууда. 

Бизге бирөө тууралуу бир нерсе айта турган болушса мына бул алты нерсени кылыш керек: 

1- Алгач ишенбөө керек, себеби, сөз алып келген адам фасык (ачыктан ачык күнөө кылган адам). Фасыкка ишенилбейт. Анын сөзүнө карап иш кылынбайт. 

2- Аны тыйуу керек, себеби, харам иш кылууда. Харамга тоскоол болуу болсо – парз. 

3- Аллах үчүн аны сүйбөө керек, себеби, ал аси, б.а., күнөө кылды, аси адамды сүйбөө – важиб. Жамандалган адамды жаман деп билбөө керек, себеби, суизан кылуу харам. 

5- Кабар берген нерсени изилдебөө керек, себеби, сөз ташыган адамдын берген кабарын изилдөө – харам. 

6- Ал сыяктуу сөз ташуучулук кылбашыбыз керек, б.а., уккан нерселерибизди кайра барып башка бирөөнө айтып билдирбөө керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш