Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бардык жамандыктардын жалгыз дарысы




Бардык жамандыктардын жалгыз дарысы


Бардык жамандыктардын жалгыз дарысы бар. Бул дары Курани каримде ачык билдирилүүдө. Бул дарыны колдонгон ар бир мусулман көнүмүш болуп калган чоң күнөөлөрдөн сөзсүз кутулат. Анкебут сүрөсү 45-аятында: "Намаз мункар жана фахштан [адепсиздиктен, акылга сыйбаган жана динге туура келбеген, баңгизат, ичкилик, зина, ливата сыяктуу ар түрлүү жамандыктардан] кайтарат”, - деп билдирилди.

Бир жаш жигит намаз окучу, бирок, ар түрдүү жамандыктарды да кылчу. Бул жаш жигиттин абалы тууралуу Расулуллахка билдиришти. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бир күн келет, намаз аны башка күнөөлөрдү кылуудан кайтарат”, - деп айтты. "Харам иш кылып жаткан болсо, намаз окубасын” деп айтпады. "Намаз окууну улантсын”, - деди. Арадан көп убакыт өткөн жок. Ал жаш жигит күнөөлөрүнө тообо кылды, жакшы абалга ээ болду. Ошондуктан, сөзсүз намаз окуу зарыл!

Намаз окуунун пайдалары абдан чоң. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Бейиштин ачкычы – намаз.” [Дарими]

"Намаз окуган адам Кыяматта кутулат, окубаган адам куруйт.” [Табарани]

"Намаз Аллаху таала жактырган амалдардын эң фазилаттуусу. Сыраттан чагылган сыяктуу өткөрөт. Ыймандын башы жана Тозоктон куткаруучу.” [Мифтах-ул-Жанна]

"Аллаху таала беш маал намазды фарз кылды. Кемчиликсиз орундаган адамды Бейишке киргизе турганын убада кылды. Намаз окубаган адамга эч кандай убадасы жок. Мындай адамга кааласа азап берет, кааласа Бейишке киргизет.” [Абу Давуд]

"Мусулман адам намаз окуганда күнөөлөрү башынын үстүнө коюлат. Ар сажда кылганда башынан төгүлөт. Намазды окуп бүткөндө эч бир күнөөсү калбайт.” [Табарани]

"Момун Аллах ыраазычылыгы үчүн намаз окуганда бактан жалбырактардын төгүлгөнү сыяктуу күнөөлөрү төгүлөт.” [И. Ахмед]

"Ар намаз убактысы келгенде периштелер: "Эй, адамдар! Күнөөңөрдөн улам пайда болгон отту намаз окуп өчүргүлө!” – деп айтышат.” [Табарани]

Бир адам: "Ыйман келтирип, намаз окуп, зекет берип, орозо кармап жана башка ибадаттарды орундасам кимдерден болом?” – деп сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Сыддык жана шейиттерден болосуң”, деп буюрду. [Табарани]

"Намаз окубаган адам Кыяматта Аллаху тааланы ачуулуу түрдө көрөт.” [Баззар]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш