Достун акысы


Мусулман бир адамдын кыла турган вазыйпаларынын бирөө - досунун акыларын сактоо. Ошондуктан, дайыма жакшы салих адамдар менен достук куруусу керек. Себеби, жаман дос ар адам үчүн өтө зыян. Бардык жамандыктардын башында жаман дос болот. Жаман дос адамды дүйнөдө да акыретте да балээлерге жетелеп барат. Бул балээге түшпөш үчүн дос тандап жатканда өтө дыкат мамиле кылуу керек. Кишинин динидосунун дини сыяктуу болот. Кишинин бактысы же жамандыкка кирүүсү тапкан досторуна байланыштуу болот. Дос тандап жатканда көңүл бөлө турчу нерселер мына булар:

1- Тандаган досуң туура ишенимде, ахли сүннөт (сүннү) жана диндар, акылдуу болушу керек.

2- Жакшы мүнөздүү болушу керек.

3- Оюнан, колунан, тилинен жамандык түшпөгөн, күнөө кылган бирөө болбошу керек.

4- Жалган сүйлөгөн адам болбошу керек.

5- Сараң болбошу керек.

Үч түрлүү дос бар: Биринчиси тамак сыяктуу. Ал сага дайыма керек болуп турат. Экинчиси дары сыяктуу, кээде керек болот. Үчүнчүсү оору сыяктуу, сен аны каалабасаң да сага жабышат. Чыныгы дос тамак сыяктуу сага керек болгон дос. Булар салих, таза жана пайдалуу достор. Мындай досторду табыш үчүн аракет кылуу керек, издеш керек. Хазрети Али айтат: "Жакшы досу болбогон адам оң колу жок адамга окшош.”

(Рух-уль баян) китебинде Зумер сүрөсүнүн үчүнчү аятынын тафсиринде мындай деп айтылат: "Адам өзүн жана бардык нерсенин Жаратуучусун таанууга ылайык болуп жаратылган. Жаратуучусуна ибадат кылуу, ага жакындоо деген каалоо, арзуу ар адамда болот. Бирок, напси, шайтан жана жаман дос адамды алдап анын жаратылышында орун алган бул арзуусун жок кылат.”

Адамдын бул өмүрдө тапкан эң чоң табылгаларынан бири садык (чынчыл) достору. Мээримдүү, (опаачыл, садакаттуу) дос – бүтпөс-түгөнбөс казына. Садык дос өмүр жолундагы ар түркүн кыйынчылыктарда жардамчы болот.

Достук акысын көзөмөлдөө -өтө чоң милдет. Доско мал-оокат менен жана мүмкүн болгон ар нерсе менен жардамчы болуш керек.

Достун сырын сактап, айып-кемчиликтерин жашыра билүү керек. Кыйын болгон ишти айтпай, кыйын жагдайда турган болсо көңүлүн көтөрүүгө аракет кылуу керек. Ага карата дайыма мээрим менен мамиле кылуу керек. Ар түрдүү кыйынчылыгын кетирүүгө жардам кылып, күнөө кылуусуна тоскоол болуп, башына мүшкүл иш түшсө кол кармашып ага жардамчы болуу керек. Мусулман мусулманды дос кылуусу керек. Ыйманы жоктон дос күтпөсүн. Ал-и Имран сүрөсүнүн 118чи аятында: "Эй, момундар! Момун болбогон капырлар менен досдук курбагыла!” жана Мужаделе сүрөсүнүн 2чи аятында: "Аллаху таалага жана акырет күнүнө ишенген адам Аллахтын жана Расулунун душмандарын сүйбөйт” жана Маида сүрөсүнүн 54чү аятында: "Эй, ыйман келтиргендер! Яхудийлерди жана христиандарды сүйбөгүлө” жана Мумтахина сүрөсүнүн биринчи аятында: "Эй, ыйман келтиргендер! Менин жана силердин душмандарыңарды сүйбөгүлө” жана Тауба сүрөсүнүн 72-чи аятында: "Момундардын эркектери жана аялдары бири-бирин жакшы көрүшөт”, - деген мааниде билдирилген. Бул аяти карималар ыймансыздарды сүйүүнү арам кылууда.

Момун момундун күзгүсү сыяктуу. Адам өз кемчиликтерин түшүнүүсү кыйын. Ишеничтүү досунан сурап кемчилигин билип алса болот. Салих болгон дос аны кооптуу нерселерден коргой алган дос. Мына ушундай досту табуу өтө кыйын. Ошондуктан, Имам Шафии айтат: "Садык дос жана калыс Кимия чанда чыгат, эч издебе!” Хазрети Омар радыйаллаху анх да айтат«Досум айыбымды эскертти, бир туугандык сүннөтүнүн негизи ушу!»

Адамдын төрт душманы болот: Оңдо жаман дос, солдо напсинин каалоолору, маңдайында дүнүйөгө берилгендик жана аркасында шайтан, ыйманын качан тартып алам деп күтүп турушат. Жаман дос бир гана сенин мал-мүлкүңдү алууну каалагандар эмес. Достун эң жаманы, эң зыяндуусу – диниңди, ыйманыңды, адебиңди, уятыңды, ахлак мүнөзүңдү бузуу менен алектенгендер. Мына ушундайча сенин акыретиңе, түбөлүк бактылуулугуңа кол салгандар, балта чапкандар. Аллаху таала бул душмандардын зыядарынан жана Ислам душмандарынын алдап кетүүлөрүнөн бизди сактасын. Амин.

Исламиятта эркектин чоочун кыз менен достук куруусуна уруксат жок.
Кимдир бирөө менен жолдо дос боло турган болсоң ал канчалык басса ошончолук бас. Аны менен сүйлөшүп жатканда оңду-солду караба! Анын жанынан узап кете турган болсоң эртерээк кайтып бар, аны күттүрбө! Достун акысына көңүл бөл, капалантпа, иренжитпе! Намазыңды аны менен жамаат болуп оку! Жанынан айлылып жатканда аны менен адалдаш. Адам досун дүнүйөлүк пайда күтпөстөн жакшы көрүүсү керек.

Аллах үчүн сүйүү (Аңгеме)

Бир киши дин боордошун зыярат кылыш үчүн бара жаткан эле. Аллаху таала анын жанына бир периште жиберет. Периште андан сурайт:

-Каерге баратасың?

-Баланча дин бир тууганымды зыярат кылууга.

-Аны менен бир ишиң барбы?

-Жок!

-Бир тууганыңбы?

-Жок!

-Сага жакшылык кылды беле?

-Жок!

-Анда эмне үчүн баратасың?

-Аллах үчүн баратам. Аны Аллах ыраазылыгы үчүн жакшы көрөм.
Периште айтты: Аллаху таала мени сага сени сүйгөндүгүн сүйүнчүлөш үчүн жиберди. Аллаху таала сага Бейишти убада кылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш