Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дүнүйө акыреттин талаасы




Дүнүйө акыреттин талаасы


Өлүмдөн мурда болгон бардык нерсе дүнүйө деп аталат. Булардын өлүмдөн кийин пайдалуу болгондору дүнүйө эмес акыреттик болуп саналат. Анткени, дүнүйө акырет үчүн талаа. Акыретте пайдасы тийбей турган дүнүйөлүк нерселер өтө зыяндуу. Дүнүйө динге ылайык колдонула турган болсо гана акыретте пайдалуу болот. Дүнүйө лаззаттарына да, акырет ниматарына да жеткен болот. Жакшылык жана жамандык мал-дүнүйөдө эмес, мал-дүнүйөнү колдонгон адамда. Андай болсо жаман деп саналган дүнүйө Аллаху таала ыраазы болбогон, акырет үчүн пайдасыз жерлерде колдонулган нерселер дегенди билдирет.

Раббсин унутуп, напсине берилген адам жолдо атынын ээри, жеми менен алектенип, жолдошторунан артта калып кеткен жолчуга окшойт. Чөлдө жалгыз калып кетип өлөт. Адам дагы эмне үчүн жаратылганын унутуп, дүнүйө зыйнаттарына алданып, акыретке даярданбаса түбөлүк балээлерге дуушар болот. Дүнүйөгө берилүү акыретке даярданууга тоскоол болот.

Дүнүйө менен акырет чыгыш менен батыш сыяктуу. Бирөөнө жакындаган сайын экинчисинен алыстайт. Бир адам ибадатын кылбаса жана иштеринде Аллаху тааланын буйруктарын сактабаса дүнүйөгө берилген болуп саналат. Аллаху таала бардык адамдардын көңүлүн андан суутат.

Дүнүйө - акыреттин талаасы. Бул жерде дан экпеген, ошентип бир дандан мол түшүм ала албаган адам кандай бактысыз! Туугандын тууганынан, эненин баласынан кача турган ал күн үчүн даярданбаган адам дүнүйөдө дагы, акыретте дагы алданган жана зыянга учураган болот. Акылдуу адам бул дүнүйөнү мүмкүнчүлүк деп билет. Бул кыска заманда дан эгип, б.а., Аллаху таала жактырган иштерди кылып, мол түшүм алат. Аллаху таала бул кыска заманда кылына турган кайырлуу иштерге жана ибадаттарга чексиз ниматтарды ихсан кылат.

Марифетнама китебиндеги хадиси шарифтерде айтылат:

"Дүнүйө эки күндүк: Биринчиси кубануу, экинчиси кайгы күнү. Булар убактылуу. Андай болсо убактылуу болгонду таштагыла, түбөлүк болгон ниматтарга ээ болуу үчүн эмгек кылгыла!”

"Дүнүйө үчүн дүнүйөдө кала тургандай, акырет үчүн акыретте кала тургандай эмгек кыл! Аллаху таалага муктаждыгыңа жараша баш ий! Тозок отуна чыдай алышыңа жараша күнөө кыл!”

"Дүнүйө - көпүрө, андан дароо өткүлө! Аны оңдоого аракет кылбагыла, жолуңарды уланткыла!”

"Максаты акырет болуп, акырет үчүн эмгек кылган адамга Аллаху таала дүнүйөнү кызматчы кылып коёт.”

"Бир гана дүнүйө үчүн эмгек кылган адамга бир гана насиби келет, иштери аралаш жана кайгысы көп болот.”

"Акыреттин түбөлүк экенине ишенген адамдын бир гана ушул дүнүйөгө жармашып алуусу абдан таң калыштуу нерсе!”

"Дүнүйө сиздер үчүн жаратылды. Силер дагы акырет үчүн жаратылдыңар! Акыретте болсо Бейиш жана Тозоктон башка жер жок!”

"Дүнүйөгө берилүү адамдын акыретине зыян берет. Акыретин сүйгөн адам дүнүйөдө харамдардан сактанат. Бул мындай болгондон кийин сиз убактылуу нерсени эмес түбөлүк болгон нерсени тандаңыз!”

Дүнүйөнүн таттуу нерселери жана убактылуу ниматтары качан гана динибизге баш ийүүгө жардамчы болгондо пайдалуу жана халал болот. Дүнүйөлүк табыш акыреттик табыш менен бирге болгондо гана бир нерсеге жарайт. Акыретти табууга жардамчы болбогон дүнүйөнүн жыргалы шекер капталган уу сыяктуу. Дүнүйө жыргалы денеге, напсиге таттуу келген нерселер. Ал эми инсан жалгыз бул үчүн гана жаратылган эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш