Дүнүйө жаманбы?


Дүнүйө – бул харам жана макрухтар. Дүнүйө, мал-мүлк, байлык, дүнүйөлүк, ырыскы сыяктуу маанилерди дагы билдирет.

Имам Раббани хазреттери буюрду:

Дүнүйө сени Аллаху тааладан алыстаткан нерселер болуп саналат. Аял, бала, мал, чин, бийликке болгон арман Аллаху тааланы унуттура турганчалык ашыкча болсо дүнүйө болот. Чалгы аспаптар, оюндар, пайдасыз бош нерселер менен убакыт өткөрүү (кумар, жаман достор, жаман фильмдер, бош аңгеме романдар) мунун бардыгы дүнүйө болуп саналат. Дин менен дүнүйөнү бирге табуу мүмкүн эмес. Акыретти тапкысы келген адам дүнүйөдөн баш тартуусу керек.

Бул заманда дүнүйөнү толугу менен таштап салуу жеңил эмес. Жок дегенде өкүм менен таштоо, б.а., таштаган болуп эсептелүү керек. Бул дагы ар иште Исламиятка баш ийүү болуп саналат. Тамак-ашта, кийим-кечеде жана үй салууда Исламият кандай билдирген болсо ошондой кыймылдоо керек.

Дүнүйө акыретти таба турган жер. Табышкерлик кылып жаткан жерди жамандоого болбойт. Харам болгон табыштар жамандалат. Дүнүйөнү жамандаган хадиси шарифтерге дагы ушундай көз караш менен кароо керек.

Хадиси шарифтерде буюрулат:

"Дүнүйөгө болгон сүйүү бардык каталардын башы болуп саналат.” [Хаким]

"Дүнүйө малун. Бир гана Аллах үчүн болгондор мындай эмес.” [Ибни Маже]

"Дүнүйөнүн аркасынан жүгүргөн адам ач көз болот, дайыма жоктук ичинде айланып-тегеренип, иштери кыйындайт, насибинен көп нерсеге жете албайт. Акырет үчүн эмгектенген адамдын иштери жеңилдейт, көңүлү байыйт, баш тарткан дүнүйөлүк нерселер да ага таважжух кылат.” [Тирмизи]

"Ой-арманы дайыма дүнүйө болгон адамдын Хактын алдында баасы жок. Мунун машаы түгөнбөйт, кедейликтен кутула албайт, байлыкка жет албайт, чеги бүтпөс бош нерселер менен алектенет.” [Таберани]

"От отунду жегендиги сыяктуу дүнүйөгө болгон сүйүү дагы ыймаңарды жейт.” [И.Газали]

"Көңүлүнөрдү дүнүйө тууралуу сөз кылып алагды кылбагыла!” [Байхаки]

"Дүнүйө көтөргөн бардык нерсени Аллаху таала басмарлайт.” [Бухари]

"Аллаху таала бир адамга акыретти табуусу үчүн дүнүйөнү берет, бирок, дүнүйө үчүн акыретти берүүнү каалабайт.” [Дайлами]

"Аллаху таала дүнүйөнүн акыбетин желген тамактын акыбетине окшоткон.” [Таберани]

"Аллаху таала сени сүйүүсү үчүн дүнүйөдөн жүзүңдү бур! Элдин колун караба сени жакшы көрүшсүн.” [Ибни Маже]

"Акыреттен дүнүйөнү тандаган адам үч нерсеге дуушар болот. Кыйынчылыктары эч кемибейт, жоктуктан кутула албайт жана тою дегенди билбеген бир кумарга чалдыгып, эч качан бош убакыт таба албайт.” [Таберани]

"Бейишти каалаган адам жакшылыкка жүгүрөт, Тозоктон корккон адам харамдардан качат. Өлүмдү күткөн адам дүнүйө лаззаттарын таштайт. Дүнүйөгө берилгендерге азаптар жаайт.” [Ибни Хиббан]

"Аллаху таала бир кулуна жакшылык мурат кылганда аны дүнүйөдөн алыстатат, акыретке үндөйт жана кемчиликтерин өзүнө көрсөтөт.” [Дайлами]

"Билимсиз илимге, жол башчысыз хидаятка жетүүнү каалаган адам дүнүйөдөн баш тартсын!” [И.Газали]

Байлык жана бийлик

Мал жана бийлик ээси болуу башка, мал жана бийлик сүйүүсү болуу башка. Дүнүйө жана акырет саадатына жетүү жана адамдарга кызмат кыла алуу үчүн мал жана бийлик ээси болуу өтө жакшы. Бүткүл дүнүйө бир адамдыкы болсо малы менен мактанбай динге ылайык сарптаса өтө чоң сооп табат. Сулайман алейхиссалам чоң байлык жана салтанат ичиндн сүзсө дагы Женаб-ы Хак Курани каримде: "Ал кандай жакшы кул”, - деп мактоодо. (Сад 30)

Пайгамбарыбыздан кийин адамдардын эң жогорусу болгон Хазрети Ибрахимдин талааларга толгон койлору, жанында эле жарым миллион уйлары бар эле. Мал-мүлк жана бийликти жаман нерсеге колдонуу зыяндуу. Адамга жакшылык кылуусуна тоскоол болгон бардык нерсе дүнүйө болуп эсептелет. Курани каримде Бейиштин бийлик кумары менен өзүн өйдө көтөрбөгөн адамдарга бериле тургандыгы билдирилген. Хадиси шарифтерде: "Ла илахе иллаллах деген адам дүнүйөнү динден жогору көрмөйүнчө Аллаху тааланын ачуусунан жана азабынан кутулат. Динди таштап дүнүйөгө [харамдарга] жармашса Аллаху таала ага: "Жалган айтып жатасың” деп буюрат. [Хаким]

"Дүнүйө үчүн капаланган адам Аллаху таалага каршы ачууланган болот.” [Таберани]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш