Шакик-и Балхи
хазреттери:
"Кыйынчылыкка
сабыр кылууга бериле турчу сыйлыкты билген адам кыйынчылыктан кутулууну
каалабайт", - деп буюрган. Кыйынчылыктарга жооп катары бериле турчу
ниматтарды эстеп кыйынчылыкты жеңилдетүүгө болот. Чындыгында, Аллаху тааланы
сүйгөндөр көптөгөн азаптарга чыдашкан, жада калса, ал азаптарды сезишкен да
эмес, Сыррыйи Секати хазретлери айтат: "Аллаху тааланы сүйгөн адамдар
Андан келген кыйынчылыктардын азабын сезишпейт. Бир эмес жетимиш кылыч урулса
да анын азабын сезишпейт." Анысы кандай, Мысырдын эли Хазрети Юсуфтун
сулуу жүзүн көрүп өздөрүн унутуп коюшкан. Өзгөчө Мысырдын алдыңкы аялдары
сулуулугун көрүшкөндө колдорун кантип кесип алышкандыгын да сезишкен эмес. [Юсуф сүрөсү 31]
Балээ жана
кыйынчылыктар күнөөлөргө каффарат болот. Куран-и каримде буюрулду:
"Силерге
келген кыйынчылык өз колуңар менен жасап тапкан күнөөлөрүңөрдүн айынан келет.
Муну менен бирге Аллах көбүн кечирет, кыйынчылыкка учуратпайт." [Шура 30]
Демек, кылган
күнөөлөрүбүздүн бир бөлүгүнө жаза катары кыйынчылык келүүдө. Ушундайча акыретке
калбастан, күнөөлөрүбүздүн жазасын дүнүйөдө өтө жеңил тартуудабыз.
Имам Раббани
хазретлери мындай деп буюрган:
"Адамдын
алдына чыккан ар бир нерсе Аллаху тааланын тилеги менен болот. Ошондуктан, өз
эркибизди Анын эркине ылайыкташыбыз керек. Биз кездештирген ар нерсени биз
издеген нерсе ушул эле деп кабылдообуз керек жана буга кубануубуз керек. Кулдук
деген ушундай болот."
Келген
балээлерге, кыйынчылыктарга сабыр кылуу өтө чоң нимат. Сабыр кылбаган адам
азапка дуушар болот. Бир оору, бир жамандык келгенде ызы-чуу салуу пайда алып
келбейт. Тескерисинче, зыяндуу болот. Мунун бир гана чарасы Аллаху таала берген
тагдырга ыраазы болуу. Сабырсыз адам ийгиликке жете албайт. Кимде ким башына
түшкөн кыйынчылыктарга сабыр кылбай турган болсо дайыма тынчсызданып, ырастап
ибадат кыла албайт. Ким Аллахтан коркуп, сабыр кыла турган болсо
кыйынчылыктардан кутулат. Сабыр кылган адам муратына жетет. Ар бир жакшылыкка
сабыр менен жетүүгө болот.
Хадис-и
шарифте айтылды:
"Кимде
ушул үч нерсе болгон болсо дүнүйө жана акыреттин жакшылыгына жеткен болот:
казага ыраазылык, балээге сабыр, ырахаттыкта дуба." [Дайлами]
Демек,
балээлердин жакшылыкка айлануусу ал балээге сабыр кылууга байланыштуу. Башка
балээ келгенде ызы-чуу салып, алдына чыккан адамга Раббисин даттанган адам
жакшылыктан куру калат, азапка ылайык болот. Балээге сабыр кылуу
пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүнөн болуп саналат. Хадис-и шарифте айтылды:
"Аллахтын
сүйгөндөрү балээге дуушар болушат. Сабыр кылган сыйлыкка ээ болот, сыздаган
болсо жазага." [И.Ахмед]
"Дартын ашкерелеген адам сабыр кылган
болбойт." [И.Маверди]
"Башына келген балээни жашырган
адамдын күнөөлөрү кечирилет." [Таберани]
"Кыйын жагдайда турганда "Хасбийаллаху
ла илахе иллаху, алейхи тевеккелту ве хуве Раббул-аршил-азим" деп айткан адамдын кыйынчылыктарын
Аллаху таала кетирет." [Шира]
Достуктун
белгиси достун [Аллахтын] балээсине сабыр кылууда. Сабыр кылынып, балээнин
жакшылык экендиги билингенден кийин балээлер дагы да жакшы болот экен деген
ойдо болбоо керек. Эч качан балээни тилөөгө болбойт.