Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси




Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси


Даанышман заттар айтышкан:

Мусулман адамдын жүзү жылмайган болот, мунафык адамдын кабагы түйүлгөн болот.

Күлүмсүрөө бекер, алган адамды бактылуу кылат, берген адамды капа кылбайт.

Тынчтыктын, ырахаттыктын ачкычы – күлүмсүрөө.

Күлүмсүрөй албаган адам алсыз адам.

Күлүмсүрөөнүн отунда ээрибеген темир жок.

Күлүмсүрөөнү билүү эки дүнүйөдө бакытка себеп болот. Исламият - сүйүү, күлүмсүрөө, таттуу сөз, чынчылдык жана жакшылык дини.

Досторго чындыкты айтып, душмандарга күлүмсүрөө жана таттуу тил менен мамиле кылуу керек.

Ийгиликтин сыры күлүмсүрөө, таттуу тил жана илим саясаты болуп саналат. Илим саясат бардык адамдардын ыраазы болуусу дегенди билдирет.

Душмандарыңарга жакшылык кылгыла, белек бергиле. Таарынган досуңузга жакшылык кылгыла, тажаган адамыңарга күлүмсүрөө менен мамиле кылгыла. Буларды орундасаңар ырахат болосуңар.

Бир адамдын олуя экендиги таттуу тили, көркөм мүнөзү, күлүмсүрөгөн жүзү, жоомарттыгы, талашып-тартышпоосу, кечиримдерди кабыл кылуусу жана бардык адамдарга мээрим көрсөтүүсү менен белгилүү болот.

Көркөм мүнөздүү адам - адептүү адам, аз сүйлөйт, катасы аз, гыйбат кылбайт, Аллах үчүн сүйөт, Аллах үчүн душмандык кылат, аманатка бекем болот, кошуна жана досун коргойт. Көркөм мүнөздүү бир заттан жаман мүнөздүү аялы менен кантип тил табышып жашашкандыгын сурашканда: «Жакшы мүнөздүү адам менен бардык адамдар тил табыша алат. Ал эми анык марифат болсо жамаш мүнөздүү адам менен тил табыша алуу болуп саналат. Анын жаман мүнөзүнө сабыр кыла албасам менин жакшы мүнөздүү экендигим каерден белгилүү болот», - дейт.

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Момун досунун жанында кабагын бүркөп турган адамга периштелер лаанат кылат.” [Хатиб]

"Жакшылыкты жылуу жүздүү адамдардан талап кылгыла.” [Байхаки]

"Момун бир тууганынын жүзүнө карап күлүмсүрөө - садага.” [Ж.Сагир]

"Дин тууганына күлүмсүрөө, жакшы нерселерди үйрөтүү, жамандык кылуусуна тоскоол болуу - ар бири садага болот.” [Тирмизи]

"Мал-мүлкүңөр менен ар кимди ыраазы кыла албайсыңар. Күлүмсүрөө жана таттуу тил менен, көркөм мүнөз менен ыраазы кылууга аракет кылгыла!” [Хаким]

"Салам берип жатканда күлүмсүрөгөн адам садага сообуна ээ болот.” [И.Э.дунйа]

"Жакшылыкты жылуу жүздүүлөрдүн арасынан издегиле!” [Бухари]

"Мүнөзү жана жүзү жылуу болгон дүнүйө акырет жакшылыгына ээ болот.” [Ибни Шахин]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш