Үч нерсе бар


Хасан бин Мухаммед бин Хасан Омар бир Абдулазизге:

- Эй, Омар! Үч нерсе бар, ал кимде бар болсо ыйманы толук болот, – деди.

Омар бин Абдулазиз тизелеп туруп:

- Эй, Расулуллахтын небереси! Булар эмнелер экенин мага айта аласыңбы? – деди.

-Киши ыраазы болот, ыраазылыгы аны батылга (жаңылыштыкка) түшүрбөйт. Киши ачууланат, ачуулануусу аны хактан (чындыктан) айырбайт. Күчү жетип турса да акысы болбогон нерсеге колун салбайт.

Омар бин Абдулазиз халифа болгондо бир топ адам келет, алардын ичинен 11 жаштагы жаш бала мындай дейт:

Аллаху таала абалыңды ыраазы болгонундай оңдосун. Адамдар Аллаху тааланын алардын үстүндөгү мээримине, тули эмелдерине (б.а., жыргап-куунаш үчүн көп жашоону каалоолоруна), адамдардын мактоолоруна алданууда, ушундайча буттары тайып (Тозокко) түшүшүүдө. Эй момундардын башчысы! Аллаху тааланын үстүңдөгү мээрими, тули эмел, адамдардын сени мактоолору сени алдабасын. Эгер алдансаң отко түшкөн алдангандарга кошуласың. Эгер алданбасаң Аллаху таала сени бул үммөттүн салихтери менен бирге кылат.

Бул өспүрүм Хазрети Алинин уулу Хазрети Хусейиндин уулу болгон, б.а., Хазрети Алинин небереси болгон.Каб-ул-Ахбар хазреттери Хазрети Омарга айтты:

Эй, момундардын башчысы! Корккон адамдын амалын аткар. Кыямат күнү жетимиш Пайгамбар кылган амал менен келсең дагы ал жердеги көргөндөрүңөн улам ал амалдарыңды аз көрмөксүң. Буларды уккан Хазрети Омар жыгылып эстен танды. Эсине келгенде:

- Бизге насаат кыл, – деди.

- Эй, момундардын башчысы! Эгер Тозоктон чыгыш жактан кымындай бир жер ачылганда батышта турган адамдын мээси кайнап, ысыктан ээрип калмак.

Муну уккан Хазрети Омар ыйлап туруп:

- Улант, эй, Каб, – деди.

- Эй, момундардын башчысы! Кыямат күнү Тозок ушунчалык катуулагандыктан мукарраб периштелер, Пайгамбарлар жана бардыгы тең тизелешет. Бардык Пайгамбарлар: «Йа, Рабби! Бүгүн мен напсимди каалаймын», - дешет, бир гана Расулуллах алейхиссалам: «Йа, Рабби! Үммөтүмдү каалаймын, үммөтүмдү каалаймын, башка нерсе каалабайм», - дейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш