Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Шайтандын алдоо жолдору




Шайтандын алдоо жолдору


Суроо: Шайтан эң көп кайсы жолдор менен адамды алдоого аракет кылат?

ЖООП
Шайтан ар түрдүү жолдор менен адамга васваса берүүгө аракет кылат. Даанышман заттардын бири мындай деген:

Шайтандын өзгөчө мына бул он жол аркылуу васваса бергендигин көрүп ошого жараша андан келе турчу коркунучтун алдын алдым:

1- Тул-и эмел [узун эмел]

Бул – жыргап-кууноо үчүн көп жашоону каалоо. Каерде, качан өлө тургандыгымды билбейм. Эч күтпөгөн жерден жан тапшырышым мүмкүн деп, мына бул аяти кариманы эстедим:

«Эч ким кайсы жерде өлө тургандыгын билбейт.» [Локман 34]

Кийин мына бул хадиси шарифти дагы ойлодум, мына ушундайча шайтан берген васвасадан кутулдум:

«Жаннатты каалаган адам узун эмелдүү болбосун, дүнүйө иши ага өлүмдү унуттурбасын!» [И. Эбиддунйа]

2- Напсиге баш ийүү

Ар ниматтын өтө оор эсеби бар экендигин жана төмөндөгү аяти карималарды ойлоп напсиме баш ийбедим:

«Аларды жөн кой; жеп-ичишсин, жыргашсын, бош үмүт аларды алаксыта турсун. [Жаман натыйжаны] жакында көрүшөт!» [Хижр 3]

«Напсилеринин арзууларын илах кылып алгандарды көргөн жоксуңбу?» [Жасийа 23]

3- Ужуб (кылган ибадаттарын, жакшылыктарын жактыруу, булар менен мактануу)

Мына бул аяти кариманы эстедим:

«Алардан кимиси бетпак, кимиси саадаттуу.» [Худ 105]

Хадиси шарифте мындайча айтылды: «Үч нерсе жамандыкка алып барат: Сараңдык, напсиге баш ийүү, ужуб кылуу» [Байхаки]

Бакытка жете тургандыгымды билбегенден кийин, анын үстүнө, ужубдун жамандык экендигин билип туруп эмне үчүн ужубдук кылайын дедим да ужубдан кутулдум.

4- Кибир (текеберлик, бой көтөрүү)

«Көңүлүндө кымындай да текебердик бар болгон Жаннатка кире албайт»деген хадиси шариф менен мына бул аяти карималарды ойлоп текеберленүүдөн сактандым. «Аллах текеберлик кылгандарды сүйбөйт.» [Нахл 23]

«Аллах алдында эң керемдүүңөр – эң такыбаалуу болгонуңар.» [Хужурат 13]

Мына бул хадиси шарифти дагы ойлоп, жөнөкөй болууга аракет кылдым:

«Аллаху таала карапайым болуумду буйрук кылды. Эч кимге текеберленбегиле!» [Абу Давуд]

5- Мусулмандарга урматсыздык

Мына бул аяти кариманы эстедим жана диндеш туугандарымды урматтадым.

«Чыныгы абырой бир гана Аллахтыкы, Пайгамбарыныкы жана момундардыкы.» [Мунафикун 8]

6- Хасат (көралбастык)

Мына бул аяти кариманы ойлоп эч кимдин мал-мүлкүнө көз арткан жокмун:

«Биз алардын дүнүйө өмүрүндөгү ырыскыларын араларында бөлүштүрдүк.» [Зухруф 32]

7- Рия (Жакшылыкты Аллах ыраазылыгы үчүн эмес эл көрсүн үчүн кылуу)

Мына бул аяти кариманы ойлоп, ыкласты карманып риядан кутулдум.

«Раббисине жетүүнү тилеген салих амал кылсын. Ибадатта ага эч бир нерсени орток кошпосун.» [Кахф 110]

8- Сараңдык,

9- Тамах (Мал-мүлк жыйноого берилүү), 

10- Ачкөздүк

Тамах – мал-мүлк жыйноого берилүү. Сараңдык болсо – сарпталуусу керек болгон жерде акчаны сарптоодон качуу. Алгач мына бул хадиси шарифти ойлондум:

«Жоомарттык ыймандын бекемдигинен пайда болот. Ыйманы бекем болгон Жаханнамга кирбейт. Сараңдык [ыймандагы] күмөндөн улам пайда болот, мындай адам болсо Жаннатка кире албайт.» [Дайлами]

Кийин мына ушул аяти карималарды ойлоп, Аллаху таалага ишендим жана адамдардан үмүт өтүүнү токтоттум:

«Силердин жаныңардагылар түгөнөт. Аллах алдындагылар түбөлүк.» [Нахл 96]

«Ким Аллахтан корксо Аллах ага чыгуучу жолду ихсан кылат. Күтпөгөн жерден ырыскысын берет.» [Талак 2-3]

«Ар жандуунун ырыскысы Аллахтан.» [Худ 6]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш