Ачууланууну жеңүү - өтө сооптуу. Ачуусун
жеңгендерге Жаннат сүйүнчүлөнгөн. Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн ачуусун
жеңген жана маңдайындагы кишини кечирген адам Раббибиздин ыраазылыгына жетет.
Мусулмандын ашыкча ачуулук көрсөтүүсү жакшы эмес,
бирок, кээ бир жагдайларда ачуулануу баалуу, жада калса, буйрук кылынат. Фетих
сүрөсүндө Раббибиз Асхабы кирамды «Капырларга ачууланышат» деп
мактоодо.
Тообо сүрөсү жетимиш төртүнчү аяти
каримасында: «Капырларга карата катуу бол», - деп буйрук
кылынууда.
Ислам динине жана Мусулмандарга душмандык
кылгандарга катуу мамиле кылуу керек. Буларга карата коркок болуу жаиз эмес.
Качуу Аллаху тааланын тагдырын өзгөртпөйт. Эгер ажалыңыз келген болсо Азраил
алейхиссалам каерде болбоңуз сизди табат.
Коркоктор өздөрүнө гана зыян беришет. Ачуулуу
кишилер өзүнө дагы, башкаларга дагы зыян беришет. Ашыкча ачуулануу адамды
куфурга (ыймансыздыкка) чейин алып барат. Хадиси шарифте: «Ачуулануу
ыйманды бузат», - делүүдө.
Ачууланган киши каршысындагы кишинин дагы өзүнө
жооп кайтара тургандыгын ойлоосу керек. Ачууланган адамдын көңүлү бузулат, бул
бузуктук адамдын сыртына да чыгат, кебетеси сууп, коркунучтуу абалга айланат. Ачууну
жеңүү өтө сооптуу. Ачуусун жеңгендерге Жаннат сүйүнчүлөнгөн. Аллаху тааланын
ыраазылыгы үчүн ачуусун жеңген жана маңдайында турган кишини кечирген адам
Раббибиздин ыраазылыгын табат.
Иса алейхиссалам Яхудилердин жанынан өтүп бара
жатканда ага жаман сөздөрдү айтышты, ал болсо аларга таттуу жана жакшы сөздөр
менен жооп кайтарды. «Сага жамандык кылышууда, сен эмне үчүн аларга жакшы
сүйлөп жатасың?» - дешкенде: «Ар ким жанында эмне бар болсо башкаларга ошону
берет», - жеп жооп берди.
Ачуулануу, кыйкыруу рухка зыян бергендей эле
денеге да өз зыянын тийгизет. Ошондуктан, динибиз дүнүйөлүк нерсе үчүн
ачууланбоону буйрук кылган. Хадиси шарифте: «Ачууланган адам тик турган
болсо отурсун, ачуусу улана берсе жатсын», - деп буюрулду.
Арам иш кылып жаткан адамды көргөндө ачуулануу
«дин кайратынан» улам келип чыгат. Бирок, ачууланганда акылдын жана Исламияттын
чегинен ашпоо керек. Ага ыймансыз, мунафык сыяктуу оор сөздөрдү айтуу - арам.
Арам иш кылып жаткан адамды көргөндө ага жахил же акмак деп айтууга уруксат
берилгени менен таттуу тил жана жумшактык менен насаат айтуу андан да жакшы
болот.
Омар бин Абдулазиз хазреттери акимдеринен бирине
карата жазган катында минтип насаат айткан: «Бир адамга ачууланган кезиңде ага
дароо жаза берүүгө шашылба. Ал адамды карма, ачууң тарагандан кийин күнөөсүнө
жараша жаза бер. Абайла, ачууңа жеңилип, чегинен ашыкча жаза бербе!»
Динди жайуу, башкаларга пайдалуу болуу жушмак сөз
сүйлөө менен гана мүмкүн болот. Катуу сүйлөө, талашып-тартышуу таарынычтарга,
чыр-чатактарга себеп болот. Ошондуктан, ар дайым жумшак мүнөздүү жана
жылмайыңкы жүздүү болуу керек...