Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аманатка кыянат - мунафыктык болот.




Аманатка кыянат - мунафыктык болот.


Адам өзүнө аманат кылынган акчаны, мал-мүлктү уруксатсыз колдоно албайт. Аманат кылынган нерсе эмне болсо болсун ээсинен уруксатсыз колдонула турган болсо кыянаттык кылынган болот, бул динибизде харам.

Башка бир адамдын оокатын андан уруксатсыз, кыйнап алуу «гасп», б.а., тартып алуу деп аталат. Тартып алуу харам болуу менен бирге тартылып алынган оокатты колдонуу дагы харам болот. Башка бир кишинин оокатын уруксатсыз алып кайра берсе, ошол эле оокатка кемчилик- зыян келбеген болсо дагы харам болот. Өзүнө аманат кылынган оокатты же тартып алынган оокатты, акчаны соодада же башка жерде колдонуп, мындан пайда табуу жаиз эмес, андан тапканы харам болот. Муну кедей адамга садага кылып берүүсү керек. Бирөөнүн оокатын, акчасын тамашалап алып катып койуу дагы харам. Себеби, бул кылган иши менен бирөөнү капаланткан болууда. Башка бирөөнү капа кылуу, беймаза кылуу дагы харам. Бир адам харам нерседен келген жана аманат катары алынган акчаларды өз халал оокаты менен же бири-бири менен аралаштырып ажырата албаса баары тең хабис (ыплас) мүлкү болот жана өз халал оокатынан ээлерине төлөөсү керек болот.

Абдуллах бин Масуд хазреттери буюрууда:

«Диниңерден биринчи болуп айрыла турган нерсеңер, колуңардан чыгара турчу нерсеңер «аманат» болот. Эң акыркы болуп колуңардан кете турчу нерсе - намаз. Дини болбосо дагы намаз окугандар болот.»

Имам Мустагфири хазреттери мындай бир окуяны накыл кылган:

«Сапарда жүргөн элем. Бир жерде жаназа бар эле. Өлгөн кишини көмүү үчүн көр казып жатышкан экен. Аларга жардам берели деп жандарына бардам. Ошол кезде чачы-сакалы агарган бир карыя ак эшекке минип ошол жерге келди.

- Бул жаназа кимдики? - деп сурады.

- Бир мусулмандын жаназасы, - дешти.

- Мунун жакыны барбы? - деп сурады. Бир кишини көрсөтүп:

- Бул анын кулу дешти. Кулга:

- Сенин кожоюнуң кандайдыр бир урууга башчы болду беле же султандар кылган бир ишти кылды беле? - деп сурады. Кул:

- Аны билбейм, бирок, бул киши согушка барганда өзүнө аманат кылынган табылгаларга, мал-мүлккө кыянаттык кылып кол салчу деди. Ак чач карыя:

- Мунун жаназасын окубайбыз. Биз болсо жаназа намазын окуу үчүн турдук. Ал карыя зат бизден жүзүн буруп кетип калды. Аны ошондон кийин көрө алган жокпуз... Өлгөн адамды көргө койдук. Көрдү казган казгычты көрдүн ичинде унутуп кеткен экенбиз. Кул:

- Мен ал казгычты аманат кылып алган элем, көмгөндөн кийин алып барып беришим керек болчу, - деди. Казгычты алуу үчүн көрдү ачсак тиги адам казгыч мойнуна илинип, сабын кармап отурган экен. Аны ошол абалда таштап кеттик. Казгычтын ээсине барып бул абал тууралуу кабар бердик. Ал да келип биз көргөн нерсени көрдү.»

Натыйжалап айта турган болсок, бир адам өзүнө аманат кылынып берилген акчаны, мал-мүлктү уруксатсыз колдоно албайт. Аманат кылынган нерсе эмне болсо болсун ээсинен уруксатсыз колдонула турган болсо кыянаттык болот, харам болот.

Хадиси шарифте айтылгандай:

«Мунафыктыктын белгиси үчөө: Жалган сүйлөө, убаданы аткарбоо, аманатка кыянат кылуу.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш