Даанышман заттар мындай дешкен:
Аллаху таала кул акыларын кечирбейт. Кулдардын
арасындагы күнөөлөр милдеттүү түрдө бир күнү эсепке салынып, адилеттик орнойт.
Кул акысы аралашпаган күнөөлөр Аллах менен пенденин ортосунда калат. Аларды Хак
таала кааласа кечирет, кааласа жазалайт. Ал жада калса күнөөкөр бир пендесин
дагы олуя кылышы мүмкүн. Аны Раббибиздин өзү билет. Мисалы, бир жерде иштеген
адамдын жумушка келип-келбөөсү, жакшы иштей алуусу же иштей албоосу, анын
жазага ылайык болуп же болбосу жетекчиси менен ошол адамдын арасындагы бир
маселе. Аны жетекчиси кааласа кечирет. Анткени, бул маселелерде ал адамдын
жоопкери - түздөн түз анын жетекчиси. Бирок, ал адам мыйзамга каршы бир кылмыш
жасаган болсо, мисалы, бирөөнү өлтүрсө жана ал меселе сотко ашса жетекчисинин
бул маселеге катышы боло албайт.
Кул акысы дагы дал ушул сыяктуу. Аллаху таала
кулдардын араларындагы күнөөлөрдүн махшар күнүндө курула турчу сотто чечилүүсүн
тилеген. Ал жердеги сотто мүйүзсүз кочкор аны сүзгөн мүйүздүү кочкордон акысын
алат. Ушунчалык кылдат адилет бар ал жерде.
Мусулмандар менен мусулман эместердин арасында,
мусулмандар менен жаныбарлардын арасында, мусулмандар менен мусулмандардын
арасында өтө назик жана кылдат адилеттүү сот курулат. Жаныбардын акысын төлөө
мусулман төлөөдөн, мусулман эмес бирөөнүн акысын төлөө жаныбар акысын төлөөдөн
кыйыныраак болот. Бала акысы, аял акысы, устаз акысы, ата-эне акысы, дос акысы
сыяктуу дагы көптөгөн акылар бар. Мисалы, бир адам бирөөгө жалаа жапса, ага
кыйкырып акаарат кылса, эки мусулман кезиккен кезде бири экинчисине кабагын
түйүп карап таарынта турган болсо же бири экинчисинин бетине карабаса же бетин
андан бурса акысын жеген болот. Анткени, экинчиси: «Мен ага эмне кылдым, бир
кемчилик кылып койдум бекен? Эмне үчүн мага суук карады экен?» - деп ойлоп
таарынат.
Эмне үчүн үйлөнбөдүң?
Имам Навави хазреттери эч үйлөнбөй өткөн. «Эмне
үчүн үйлөнгөн жоксуз?» - деп сурагандарга: «Кул акысынан корктум», - деп жооп
берген. Бишри Хафи хазреттери дагы ушул себептен үйлөнгөн эмес. Ибни Абидин
хазреттери: «Аялынын адамдык укугун сактоого маани бербеген киши үйлөнбөөсү
керек», - деген. Имам Раббани хазреттери: «Мойнубузда эч кимдин акысы калып
кетпөөсүнө өтө көңүл буруубуз керек! Акысын дүнүйөдө өтөө жеңил. Сыпайылык
менен, жумшактык менен кечирим сурап, акыдан кутулуу мүмкүн. Бирок, акыретке
кала турган болсо андай мүмкүндүк болбойт. Ал жерде адамдын акысынан кутулуу
өтө кыйын, анын чарасы табылбайт», - деген.