Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Чыныгы мусулман кандай болот




Чыныгы мусулман кандай болот


Чыныгы мусулман: үй-бүлөсүн, улууларын, мекенин, байрагын сүйөт. Адамдарга карата жумшак мамиле кылат жана мүмкүнчүлүк болор замат баарына жардам көрсөтөт. Энесин, атасын, улууларын урматтайт, кичүүлөрүн сүйөт. Эч кимди таарынтпайт. Тазалыкка өтө дыкат болот. Ичип-жегени, үстү-башы, колдонгон буюмдары жана айланасын дайыма таза кармайт.

Чыныгы мусулман: кул экендигин билет жана кулдук милдетин кемтиксиз орундоого аракет кылат. Эч өлбөй тургандай дүнүйө үчүн, эртең өлө тургандай акырет үчүн эмгек кылат. Бала-чакасын көркөм мүнөздүү жана башкаларга өрнөк боло тургандай мусулман кылып өстүрөт, ага Курани карим окууну үйрөтөт, билим алуусун камсыздайт. Бир гана туугандары, достору, кошуналары менен эмес бардык адамдар менен жакшы мамиледе болот.

Чыныгы мусулман: Динин мыкты үйрөнөт, ниматтарга шүгүр кылат. Жегени, ичкени баары адалдан болот. Эч кимдин малы-жанына, намысына көзү түшпөйт. Акыларын жебейт, жамандык кылбайт жана өзүнө карата кылынгандарга сабыр кылат. Куулук, кыянаттык эмне экенин билбейт. Көралбастык, кызгануучулук кылбайт жана текебер эмес. Билип же билбей бир күнөө кылса дароо тообо кылат. Улууларына, кайтыш болгон момундарга, досторуна, бала-бакырасына дайыма дуба кылат.

Чыныгы мусулман: иштерине өтө дыкаттуу мамиле кылат. Убактысын бош өткөрбөйт. Эмгектенет, бирок, ырыскыны Аллаху тааладан деп билет. Өз мойнуна алган бир ишти өз убагында, жада калса, маалынан эрте орундайт. Кул акыларынан катуу коркот. Кемчиликтерди кечирет. Эч качан уят сөздөрдү сүйлөбөйт, жазбайт жана окубайт, талашып-тартышпайт, эч кимдин көңүлүн оорутпайт.

Чыныгы мусулман: ар иши менен айланасына өрнөк болот. Эч кимди мазактабайт жана жалган сөз сүйлөбөйт. Адамдардын арасында бүлүк чыгаруудан, бири-бирине тукуруудан катуу тартынат. Ачуусуна ээ болот. Мусулман гыйбат кылбайт, риякорлук оюна да кирип-чыкпайт. Таттуу тилдүү, жарык жүздүү, сөзүнө өзү төп келет. Абдан жөнөкөй жана кичи пейил. Уяттуу, мээримдүү, жоомарт, чынчыл жана жумшак.

Кыскасы, Чыныгы мусулман: Бүткүл жаман мүнөздөрдөн алыс жана жакшы мүнөздөргө ээ болуп, бул дүнүйөдө ырахат жана тынчтык ичинде өмүр сүргөндөй эле акыретте дагы чексиз бакытка жетет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш