Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Көп истигфар кылуу керек




Көп истигфар кылуу керек


Рийад-ун-насыхин китебинде мындай делген:

Тообо жана истигфар көңүл менен, тил менен жана да күнөөнү кылган дене мүчөсү менен бирге кылынуусу керек. Көңүл өкүнүшү керек, тил дуба кылып жалбаруусу, дене мүчөсү болсо ал күнөөдөн баш тартуусу керек. Бир нече аяти каримада «Мени көп зикир кылгыла!» жана Иза жаа сүрөсүндө: «Мага истигфар кылгыла! Дубаңарды кабыл кыламын, күнөөлөрүңөрдү кечиремин!» - деп буюрулду.

Көрүнүп тургандай Аллаху таала көп истигфар кылууну буйрук кылууда. Ошондуктан, Мухаммед Масум хазреттери 2-том, 80-катында мындай деген:

«Бул буйрукка моюн сунуп, намаздан кийин 70 жолу истигфар кылуудамын. Б.а., «Астагфируллах» деп айтуудамын. Силер да муну көп окугула! Ар бирин айтып жатканда «Мени кечире көр Аллахым!» деген маанисин ойлоо керек. Окуган кишини жана анын жанындагыларды дарттардан, кыйынчылыктардан, оорулардан куткарат. Көп адам окуган, пайдасы дайыма көрүлгөн.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш