Аллаху таала адамдарды төрт сыпатта жараткан:
Айбандарга таандык сыпаттар: Жеп-ичүү, уктоо, напсинин арзууларын
кандыруу сыяктуу...
Жырткыч айбандарга таандык сыпаттар: Кол салуу, тытып-тиштеп өлтүрүү,
үстөмдүк орнотуу жана жеңүү арзуусу сыяктуу...
Бул эки сыпат дүнүйө жашоосунда бар. Адам өлгөндөн
кийин адамда бул эки сыпат тең жок болот. Өлгөн соң жеп-ичүү, кол салуу, жеңүү
деген каалоолордун эч бири калбайт! Өлгөн бир адамда кыймылдоо деген касиет жок
болот.
Периштелердин сыпаттары: Ыйман келтирүү, жакшы мүнөздүү
болуу, жоомарттык, мээримдүү болуу сыяктуу...
Шайтандардын сыпаттары: Куфур, жаман мүнөз, жалган, сараңдык, таш
боор болуу сыяктуу...
Акыркы эки сыпат адамда кала турчу сыпат. Өлгөндөн
кийин токтоп калбайт. Кабырда да, акыретте да адам менен бирге болот. Ээсин же
жакшылыктарга жеткирет же азап тарттырышат...
Бул эки сыпат бири-бирине карама-каршы күч болуп
саналат, дайыма күрөшүп келишет. Алардын күрөш майданы болсо – адамдын жүрөгү
(көңүлү). Бул күрөштү баарыбыз аздыр-көптүр сезебиз, ал мындай:
Бир кедейге кезиккен кезде периштелик сыпаттар
бизге ага жардам берүүбүздү сунушташат, колубузду чөнтөгүбүзгө салабыз,
белгилүү бир өлчөмдө акча берүүнү ойлонобуз. Дароо шайтандык сыпаттар ортого
кирип мындай дейт: «Жардам кылба! Эмнеге жардам бересиң, барып иштеп тапсын..!»
Ошентип, колубузду чөнтөгүбүздөн тарта баштайбыз. Кайра периштелик сыпаттар
кирип: «Иштей алганда иштемек, жумуш таба албагандыгы үчүн ушул абалга түштү.
Ага бере турчу акча сенин акчаң. Чөнтөгүңдөгү же кассаңдагы акча сеники болбошу
да мүмкүн...»
Кайра колубузду чөнтөгүбүзгө салабыз...
Аңдып турган шайтандык сыпаттар буга мүмкүндүк
бербестен дароо кийлигишип: «Бере турган болсоң өтө аз бер! Элдин баарын сен
тойгузат белең! Эртең сен да анын абалына түшүп кала турган болсоң сага ким
жардам берет?!» - деп бизди ушундай жакшы иштерден алыстатууга аракет кылат...
Күрөшүп жаткан бул эки кубаттан кайсынысын
тандоого акылыбыз чечим чыгарат. Акли селим (жетик акылдуу) болгон адам
периштелик сыпаттардын тарабында болот. Акли селим болбогон адам шайтандык
сыпаттарга моюн сунат. Таба турчу чоң сооптон да куру калат.
Чөнтөгүндө сактап калган акчасы да балким өзү
жактырбаган бирөөнө тийет. Эсебин болсо өзүнөн сурашат...
Макалабызды бир Хадиси шариф менен бүтүрөлү: «Канчалык
жашасаң жаша бир күнү өлөсүң! Кимди сүйсөң сүй бир күнү андан айрыласың! Эмне
кылсаң кыл (же жакшы, же жаман) анын кайтарымын аласың!..»
Ар адам мындан кийинки өмүрүндө мезгил мезгили
менен напсин эсепке тартып туруусу керек, эки дүнүйө бакытына жетүүгө себепкер
боло турчу нерселерди орундоого аракет кылууну унутпоосу керек.