Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эгер адам Раббисин тааныбаса




Эгер адам Раббисин тааныбаса


Адам баласы эки нерседен куралган. Бири «рух», бири «дене». Дүнүйөдө өмүр сүрүп жаткан мезгил бою рухубуз денебиздин ичинде бирге болушат. Андай болсо экөөнө тең маани берүүбүз керек. Денебизге көңүл бөлгөндүгүбүз сыяктуу рухубузга көңүл бөлбөйбүз, муну моюнга алышыбыз керек. Рухубухдун азыгы – Улуу Раббибизди таанып, ага моюн сунуу, буйруктарын орундап, харамдарынан сактануу.

Айылда бир киши жумуртка басып жаткан тооктун астына өрдөктүн жумурткасынан бирди кошуп коёт. Мезгили жетип бул жумурткалардан жөжөлөр чыгат. Албетте, тооктун жумурткаларынан тооктун жөжөлөрү, баягы өрдөктүн жумурткасынан өрдөк жөжөсү чыгат. Ошентип, эне болгон тоок жөжөлөрүн ээрчитип жүргөн болот. Үйдүн жанында кичине бир көлмө бар эле. Ошол жерге жакындаганда өрдөк жөжө көлмөнү көрөр замат сууга секирип, сууда сүзө баштайт. Эне тоок «жөжө»сүн сууга түшүп кетти деп ойлоп, аны куткарууга аракет кылат, бирок, сууга кирүүгө батына албай көлмөнүн четинде жаналакет түшүп жаткан болот. Үйдөгүлөр тооктун бул абалын көрүп, жөжөнү суудан чыгарып ал жерден алыс жерге айдап коюшат. Бир нече күндөн кийин кайра эле ушул окуя кайталанып, сууга секирген өрдөк жөжө ырахаттанып сүзүп жүрүүнү уланта берет.

Бул жерде көңүлүбүздү бурдура турчу маселе бар. Биринчиси: бул өрдөктүн баласы сууда сүзүүнү каерден, качан жана кимден үйрөндү?! Эч кимдин сууда сүзгөнүн көргөн эмес, энеси да, калган туугандары да сууга киришпейт. Сууда сүзүү касиети анын фытратында (жаратылышында) бар эле, бирөөнүн ага сууда сүзүүнү үйрөтүүсүнүн кереги жок эле. Ал муну жумурткасынан үйрөнгөн абалда чыккан эле.

Экинчи маселе: бул бала өрдөк эгер ошол сууну таба албаганда, сууда сүзө албаганда өз ичинде чоң боштук, кандайдыр бир жетишпестикти сезмек. Дайым бир нерсе жетишпей, аны издөө ичинде жүрмөк. Бул издеген нерсесинин суу экендигин, анда сүзүп ырахаттыкка бөлөнө тургандыгын балким билмек дагы эмес, бирок, ичиндеги бул кыйынчылык жана изденүүнү өмүр бою өз ичинде алып жүрүүгө мажбур болмок.

Ага дүйнөнүн эң кооз бакчаларын кыдыртсаңыз, эң кооз капаста жаткырсаңыз, өрдөктөр эң жакшы көргөн тамакты жедирсеңиз баары бир аны бактылуу кыла албайсыз. Сууга жеткенде гана ичиндеги бул азабы тынмак. Дал ушул сыяктуу эле адамдарды Раббибиз өз жаратылышы менен жараткан. Адам баласы да Раббисин тааныбаса, аны таба албаса, ага таслим болуп моюн суна албаса тынчтык жана ырахаттыкка жетүүсү мүмкүн эмес. Эң кымбат машиненин ээси болсо, эң кооз үйлөрдө жашаса, эң даамдуу тамактарды жесе-ичсе, баары бир ичинде кандайдыр бир боштук, жетишсиздикти сезмек. Дайым издөө ичинде өмүрүн өткөрүп, бирок, эч качан бактылуу боло алмак эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш