Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Тарых калтыруу адамдарга таандык




Тарых калтыруу адамдарга таандык


Тарых калтыруу адамдарга таандык. Айбандар тарых калтыра алышпайт жана жаза алышпайт. Аларда «заман жана мекен» деген түшүнүк болбогондуктан тажрыйбаларын бириктирүү жана келечек муундарга калтыруу деген касиеттери да жок.

Улуу элдердин өнүгүүлөрүнүн негизги себептеринин бири – өз тарыхтарына берген мааниси. Ошондуктан, тарыхыбызды жакшы үйрөнүүбүз зарыл экендигин азыркы күндө болуп жаткан көңүл оорутарлык окуялар бизге көрсөтүп жатат. Мисалы, тарыхтагы Түркий элдер курган чоң мамлекеттердин (Караханийлер, Газнеликтер, Селчуктар, Османлы ж.б.) тажрыйбаларына айрыкча басым жасообуз керек. Себеби, булар түрк элдеринин тарыхында атак-даңкка, сыймыкка толгон тарыхтын жаңы барактарын ачуу менен гана тим калбастан бүгүнкү күндүн маданиятына, социалдык жана экономикалык, саясый турмушуна да жарык чачып турат.

Элдердин тарыхтарын унуттуруу аларды жок кылууга аракет кылуу болуп саналат. Улуттук тажрыйбалардан куру калган коомдор эртеңки келечегин куруу үчүн бекем жер таба алышпайт жана ээрип жок болууга мажбур болушат.

Тарых окуунун көп пайдалары бар. Биринчиси – адам жаратылышына ылайык көп жашоону каалайт. Бирөөнө дуба кылып жатканда да мындай дейбиз:

«Көп жаша, өмүрүң узун болсун...» Турмуш шарты канчалык кыйынчылыкта өтсө да адам баласы тирүүлүктөн, жашоодон ыраазы. Тарткан кыйынчылыктары көргөн ырахатынан миң эсе көп болсо да адам баласы баары бир өлүмдү жактырбайт, дайым жашагысы келет. Тарыхты окуган адам ошол замандан бери жашап келгендигин ойлойт, ошол тарыхта болгон окуяларга күбө болгондой сезим туят жана мындан чоң ырахаттык алат...

Экинчиси – адам баласы өмүрүндө көптөгөн окуяларга туш болот, ар кандай абалда кантип кыймылдоо керек экендигин биле албайт, чечимсиздик ичинде арсар болот. Бул болсо адамды кыйынчылыктарга түртөт, жаңылыш чечим чыгаруусуна себеп болот... Тарыхты окуй турган болсок кыла турчу иштерибиздин дал өзүнө же ага окшошуна күбө болобуз. Кээ бирлери ийгиликтүү болушкан, кээ бирлери ийгиликсиз болуп натыйжага жете алышкан эмес. Ал эми ийгиликтүү болгондорунун кандайча кыймылдашкандыгын окуп үйрөнүп, алар сыяктуу кыймылдоого аракет кылабыз.

Үчүнчүсү – тарыхты окуу менен дүнүйөгө болгон ашыкча берилүү азаят. Дүнүйөгө өкүмдар болуп, бийлик орноткондор азыр кандай абалда экендиктерин көрөт. Баары топурак болушкан, курт-кумурскага жем болуп, чирип жок болушкан...

Дүнүйөгө толугу менен менен ээ болгондордун бири Искендер Зулкарнайн хазреттери болуп саналат. Бул киши кайтыш болот, табытка салынат. Өзүнө Аллахтын хикматы берилген бир адам табытынын алдында туруп мындай дейт:

«Эй, улуу адам! Сен мурунтан бери бизге көп жакшы насаат кылчу элең, бирок, эң жакшы насаатты бүгүн кылуудасың! Тактап айтканда, мындай деп жатасың:

Менин абалыман сабак алгыла. Кечеки күнгө чейин бүт дүйнөгө ээ элем, бүгүн табыттын ичиндемин, бир нече сааттан кийин топурак астында болом... Байлыгыңар канчалык көбөйсө көбөйсүн силердин да башыңарга ушул нерселер келет. Менменсинбегиле, дүнүйөгө бел байлабагыла. Себеби, дүнүйө түбөлүк эмес.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш