Бала тарбиялоо


Биз эне-ата катары, эл катары балдарыбызга көңүл бөлбөсөк аманатка кыянаттык кылган болобуз. Мунун жазасын дүнүйөдө да, акыретте да тартабыз. Балдарыбызга ыйман, Курани карим жана Аллаху тааланын буйруктары үйрөтүлүп жана да аларды орундоого көндүрүлө турган болсо дүнүйөдө да акыретте да бакытка ээ болушат. Бул бакытка энелери, аталары, устаздары да орток болушат. Булар үйрөтүлбөй турган болсо бетбак болушат. Өздөрүнө, эне-аталарына жана коомго зыян алып келишет. Алар кыла турчу ар жамандыктын күнөөсү энесине жана атасына да жазылат.

Тахрим сүрөсүнүн алтынчы аяти каримасында мындай мааниде буюрулган: «Өзүңөрдү жана үй-бүлө, айланаңарды жана кол астыңарда болгондорду оттон коргогула».

Бир атанын баласына кыла турчу эң чоң жакшылыгы – аны динсиз, ахлаксыз жаман достордон алыстатуусу.

Бардык жамандыктардын башы – жаман достор. Адамдын үч чоң душманы бар:

Напис, шайтан жана жаман дос... Булардын ичинде эң чоңу эч күмөнсүз – жаман дос. Эң коркунучтуу болгону мына ушу. Ошондуктан, эне-ата баласына көз салуулары керек. Кимдер менен достук курууда, каерлерге барууда, өзүн алып жүрүүсү, кыймыл-аракеттери кандай? Буларга көз жумууга болбойт.

Көзөмөл жок ээн ташталган баланы көчө чоңойтот. Мурда бала үйдө да, көчөдө да тарбия алчу. Азыр болсо үйдө көргөн тарбиясын көчөдө жоготууда.

Намазында, дааратында динге ылайык кыймылдоо ар бир акылдуу жана балагатка толгон бала үчүн шарт. Кээ бир эне-аталар балдарын кыя алышпайт. Мисалы, аларды таңкы намазга тургузушпайт. Бул болсо – аларга кылынган эң чоң жамандык. Баласын өз колу менен Тозокко ыргытуу болуп саналат.

«Чыбык суу кезинде ийилет» деген накыл сөз бар. Бала кичинесинен буга үйрөнсө чоңойгондо намазга туруусу оңой болот. Бала кезде үйрөнгөндөрү ташка тамга баскандай сакталат, чоңойгондо үйрөнүлгөндөр болсо кумга жазуу жазгандай кайра унутулат.

Жакшы нерселерди үйрөтүүнүн эң жемиштүү мезгили кичине кездеги үйрөтүлгөндөр. Атанын баласына убакыт бөлүүсү, аны менен жалгыз калып бир нерселерди үйрөтүүсү, өзү буга өрнөк болуусу зарыл болууда.

Кылынган изилдөөлөрдүн натыйдасында көңүл бөлүнгөн балдар чоңойгондо өтө баалуу инсан болуп чыгышкан, өздөрүнө жана эли-жерине чоң кызматтарды кылышкан. Баласын сүйгөн киши кантип аны менен алек болбосун, кантип ага көңүл бөлбөсүн?


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш