Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адам баласы эмне үчүн шүгүрсүз болот?




Адам баласы эмне үчүн шүгүрсүз болот?


Бизге карата кылынган кандайдыр бир жакшылыкка, кичине бир жардамга дароо рахмат айтабыз. Бул адамдык милдет... Адамдардан келчү майда жакшылыктарды да жоопсуз калтырбай, болбоду дегенде рахмат айтабыз дагы, бизди жоктон бар кылган, жашоо берген Раббибиздин санап бүткүс көп болгон ниматтарына эмнегедир өтө аз шүгүр кылуудабыз же эч шүгүр кылбайбыз.

Ооба, алгач биз жок элек, жаратпаганда эч ким эмне үчүн жаратпадың деп эсеп сурай албайт эле. Жок элек, бизди ал жаратты, сокур элек, бизге көрүү жакшылыгын ал берди. Дүлөй элек, угуу касиетин да ал берди. Тилсиз элек, сүйлөй алчу эмеспиз, анын ихсаны менен сүйлөй алуудабыз.

Жылаңач элек, бизди ал кийинтти. Ач элек, бизди ал тойгузду. Күчсүз элек, бизге күчтү жана кубатты ал берди...

Адашып жүргөн элек, бизге Пайгамбарлар аркылуу туура жолду көрсөттү жана бизди хидаятка жеткирди...

Дүнүйөдө бизди «наздуу конок» сыяктуу баккан, кыялыбызга да келбей турчу сулуулукта бизге ниматтарды берген Улуу Раббибиз акыретте дагы түбөлүк бакытка жетүүбүздү каалоодо.

Раббизбиздин бизге берген жакшылыктарын санай турган болсок санай албай турганчалык көп болуусуна карабай шүгүрүбүз өтө аз. Курани каримде мындай мааниде айтылган: «Шүгүр кылган кулдарым аз.»

Ар мүнөт абаны дем алуу менен өмүрүбүздү куткарган Раббибизге канчалык шүгүр кылсак баары бир аз. Биз эмне үчүн аз шүгүр кылып жатабыз?..

Эң башкы себеби – көп болгондугу үчүн, жеңил таба алгандыгыбыз үчүн, көнүп алгандыгыбыз үчүн.

Жакшылык колдон чыкканда кадыры билинет экен. Абанын канчалык чоң нимат болгондугун кекиртегибиз кысылганда же узак убакка абасыз бир жерде калганда түшүнөбүз.

Суу ниматынын баасын аны каалаган кезибизде таба алган, иче алган эмес суусуз чөлдө суу таба албаган же тамагы рак оорусу менен бүтөлгөн , бир тамчы сууну да иче албагандар өтө жакшы билишет...

Биз ичинде сүзүп жүргөн жакшылыктардын кадырын түшүнө алуубуз үчүн көрүстөндөрдү, түрмөлөрдү жана ооруканаларды зыярат кылуубуз керек!..

Көрүстөнгө киргенде алиге чейин тирүү экендигибиз үчүн, жашай алгандыгыбыз үчүн шүгүр кылуубуз керек. Биз да алар сыяктуу топурак алдында болушубуз мүмкүн эле. Алардын абалынан ибрет (сабак) алуубуз керек...

Түрмөлөрдү зыярат кылганда эркиндиктин кадырын дагы да жакшы түшүнөбүз, Раббибизге шүгүр кылабыз...

Ооруканаларды зыярат кылганыбызда ден-соолугубуздун кадырын түшүнөбүз. Оорулуулардын эң чоң кыйынчылык тарткандыгын, оору-сыздоонун ичинде жаткандыктарын, көздөрүнө уйку кирбегендигин көрөбүз. Ошондо гана кеч жаздыгыбызга башыбызды коюп таңга чейин таттуу уйкуда жатуунун канчалык жакшылык экендигин түшүнүп, бул жакшылыкты бизге тартуулаган Улуу Раббибизге хамд жана шүгүр кылабыз.

Аллаху таала баарыбызды татыктуу шүгүр кылгандардан кылсын...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш