Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жаман бирөөнө жакшылык кылынганда




Жаман бирөөнө жакшылык кылынганда


Даанышман заттар мындай дешкен:

Жакшылык кылган адам жакшылык көрөт. Бирок, жаман кишиге жакшылык кылган адам андан жамандык көрөт. Себеби, анын табияты ошондой. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Жакшылык кылган кишиңердин жамандыгынан сактангыла», - деген.

Ислам аалымдары бул хадиси шарифте бардык адамдарга кылынган жакшылык тууралуу эмес жаман адамга кылынган жакшылык тууралуу айтышкан. Жаман кишиге жакшылык кыла турган болсоңор ар качан андан сактангыла, корккула дегенди түшүндүрөт. Эгер дээри, түпкүрү, мүнөзү бузук киши болсо дүнүйөнү жакшы көргөн, акчага берилген киши болсо ага кылынган ар жакшылыктын акырында көп кыйынчылык тартабыз. Ал эми эгер адам жакшы болсо ага жакшылык кылуунун зыяны жок, кала берсе, абдан жакшы болот. Бирок, кишинин дээри, түпкүрү, мүнөзү бузук болсо мажбур болуп ага бир жакшылык кылган болсок, андан келе турчу зыяндардан өзүбүздү сакташыбыз керек.

Ылайык эмес кишилерге кылган жакшылыктан, сиңирген эмгектен улам көп кыйынчылык тартабыз. Ылайык болуп же болбоо иштин ичине пайда аралашкан кезде белгилүү болот. Өз пайдасын жогору кармаган адам динибизге кызмат кылууга ылайык эмес. Себеби, кызмат пайда күтүү үчүн эмес бири-бирине пайдасын тийгизүү үчүн болот. Асхабы кирам өз пайдасын о йлоо бул жерде турсун, жандарын, малы-мүлкүн курман кылышты жана кайра кайтып келбөө үчүн бүткүл дүйнөгө тарашты. Курани каримде мындай мааниде буюрулууда: «Ар ким өзүнө ылайык болгон ишти кылат.»

Бир кезде көзачыктардын сунушу менен Фараон бардык эркек наристелердин өлтүрүлүүсү үчүн буйрук берет. Ошол учурда эки Муса дүнүйөгө келет. Аттарын Муса деп коюшат. Бирок, бири өлүмдөн коркуп баланы таштап качат. Аллаху таала бул баланы багып, чоңойтуусу үчүн Жабраил алейхиссаламды милдеттендирет. Экинчи Мусаны дагы энеси «Балким ушундайча кутулаар» деп сандыктын ичине салып дайрага таштайт. Ал агып отуруп Фараондун сарайынын эшигине келет. Фараондун аялынын кайтпас тилеги менен сарайдын ичине баланы алышат. Бирөө Фараондун тамагын жейт, экинчиси Жабраил алейхиссалам аркылуу Жаннат тамагын жейт. Сарайда Фараондун тамагын жеп чоңойгон Муса алейхиссаламдын Пайгамбар болгондугу көрүлөт. Үңкүрдө Жабраил алейхиссалам багып чоңойткон Муса болсо Самири болот, Муса алейхиссаламга каршы чыгат, динсиз болот. Тих чөлүндө адамдардан жыйналган алтындарды ээритип, булардан музоонун айкелин жасап «Мусанын илахы (Кудайы) ушул. Буга сыйынгыла!» деген мунафык киши болуп чыгат. Себеби, дээри, түбү бузук эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш