Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бир аалымдын насааты




Бир аалымдын насааты


Мухаммед Газали (рахметуллахи алейх) хазреттеринин шакирттеринен бири өз өзүнө суроо берип ойлонот: «Ушунча жыл кыйынчылык тартып көп нерсени үйрөндүм. Мынчалык көп илимден мага эң керектүү жана пайдалуусу кайсынысы болду экен? Акыретте мага жардамга келе турчу, көргө киргенде дүнүйөдөгү досторум мени жалгыз таштап кетишкенден кийин мага дос боло турчу, көрдөн турганда эне өз баласынан, бир тууган бир туугандан, дүнүйөдөгү достордун бири-биринен качып, ар ким өз башынын чарасын издеп жан алакетке түшкөн кезде мени куткара турчу илим кайсынысы болду экен? Дүнүйөдө, акыретте пайдасы болбогону кайсылары болду экен? Аттиң, ушулар кайсылар экенин билсем, булардан кутулсам экен. Себеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Пайдасыз илимди үйрөнүүдөн жана Аллаху тааладан коркпогон жүрөктөн жана дүнүйөгө тойбогон напсиден жана Аллах үчүн ыйлабаган көздөн жана кабылга ылайык эмес дубадан Аллаху таала бизди коргосун», - деген деп, көпкө чейин өзүнчө ойлонот. Ошентип, муну билүү үчүн устазы болгон Хужжат-ул-Ислам Имам Газалиге (рахметуллахи алейх) кат жазат. Имам Газали бул шакиртинин катына жооп жазып жөнөтөт. Жооп кыскача мындай мазмунда болот:

Эй, сүйүктүү балам! Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) дүнүйөгө жайылган насааттарынын бири мына бул: «Аллаху тааланын бир кулуна рахмат кылбай тургандыгына, ага ачуу жана азап көрсөтө тургандыгына белги – анын дүнүйөдө жана акыретте пайдасы болбогон нерселер менен алек болуусу, убакыттарын керексиз нерселер менен өлтүрүүсү. Бир адамдын өмүрүнөн бир сааты Аллаху таала жактырбаган бир нерсе менен алек болуп өтсө канчалык өкүнүп, кайгырса да орундуу болот...»

Локман Хаким (рахметуллахи алейх) уулуна минтип насаат кылчу: «Уулум, короз сенден да акылдуу болбосун! Ал күн сайын таң эрте зикир жана таспих кылууда, сен болсо уктап жатасың.

«Аллаху тааланын жолунда жүрүүнү каалаган бир адам эң алгач эмне кылуусу керек?» - деп жатасың. Алгач Ахли сүннөт аалымдарынын (рахметуллахи таала алейхим ажмаин) билдирген нерселерине ылайык түрдө, таза итикад (ишеним) жана ыйман керек. Мындан кийин тооба-и насух, тагыраак айтканда, башка кылбоо үчүн күнөөлөргө тообо кылуу, үчүнчүсү - ар ким менен адалдашуу (кечиримин алуу), үстүндө эч бир макулуктун акысын калтырбоо, төртүнчүсү – Аллаху тааланын буйруктарын орундай турганчалык Исламиятты үйрөнүү. Калган илимдерди зарыл болгончолук окуу керек. Бул зарылдык ар кимдин өнөрүнө, кесибине карай өзгөрөт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир Сахабага мындай деди:

«Дүнүйө үчүн дүнүйөдө кала турганыңчалык эмгек кыл! Акырет үчүн ал жерде чексиз кала тургандыгыңа карай эмгек кыл! Аллаху таалага муктаж болгонуңчалык моюн сун! Тозокко чыдай ала турганыңчалык күнөө кыл!»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш