Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дин тууралуу маектешүүнүн мааниси




Дин тууралуу маектешүүнүн мааниси


Сукбатташуу бирге отуруу,  даража жагынан өзүнөн жогоруда же алдында же теңи менен бир жерге жыйналып, Аллаху таала жана Пайгамбарыбыз жактырган, ыраазы болгон нерселерди сүйлөшүү болуп саналат.

Кишинин өзүнөн жогору даражадагы киши менен бирге болуусунун акыйкаты ал затка кызмат болуп саналат. Өзүнөн төмөн болгон адам менен сукбат кылуунун талабы анын абалынан бир кемчилик көргөнүндө аны эскертип, өз кемчилигинен кабардар кылуу болуп саналат. Бир даражада болгон сукбат досторунун сукбаттарынын акыйкаты башкалардын, чоочундардын жанында бири-биринин кемчиликтерин көрбөгөндөй мамиле кылуу деп саналат.

Имам Раббани хазреттери буюрууда:

«Сукбатташуунун үстөмдүгү бардык үстөмдүктөрдүн үстүндө. Дин улуктарынын сукбатын

болсо чоң жакшылык деп билиш керек.»

Бахаэддин Бухари хазреттери: «Биздин жолубуздун негизи - сукбат», - деген.

Олуялардын сукбатынын бир сааты кырк күндүк мужахадалардан (напсин тарбиялоодон) да жогору.

Чоочундар менен сукбатташуудан, бидатчылардын сукбатынан сактануу керек. Дервиштердин жана салихтердин сукбаттары өтө баалуу. Сукбат дүнүйө үчүн болуп акырет ойлонулбай турган болсо акыры жаман.

Күнөө тактары менен көңүлү кирдеген адам салихтердин сукбатында болсо көңүлүнүн кири тазаланат, күнөө кылуусу кыйындайт, жакшылык кылуу каалоосу көбөйөт. Хадиси шарифте айтылган:

«Кырк күн ичинде бир илим сукбатында болбогон адамдын көңүлү караят. Чоң күнөө кыла баштайт. Себеби, илим көңүлгө өмүр берет. Илимсиз ибадат болбойт.» [Мектубат-ы Раббани]

«Фыкых сукбатында болуу бир жылдык ибадаттан жогору.» [Дайлами]

«Аалымдардын сукбаттарына катышкыла, аларга жакын тургула! Себеби, Аллаху таала жамгыр менен өлүк топуракты тирилткендиги сыяктуу өлгөн көңүлдөрдү дагы хикмат нуру менен тирилтет.» [Таберани]

«Аалымдарга урмат кылган адам мага урмат кылган болот. Аларды зыярат кылган мени зыярат кылган болот. Аалым мажилисинде болгон менин мажилисимде болгон болот.» [И.Рафии]

«Аалымдын сукбатында болуу миң рекет нафил намаздан жогору.» [И.Газали]

«Бир жолу салих адамдын сукбатында болуу көп жолу жаман адамдардын сукбаттарында болуунун күнөөлөрүнө кафарат болот.» [Дайлами]

Сукбатташа турчу адам жок болсо

Сукбат кыла тургудай аалым болбогон кезде өткөн эски заманда жашаган Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуу керек. Бир аалымдын китебин окуган адам жарым жартылай аны менен сукбатташкан болуп саналат.

Илиминен, көркөм ахлагынан пайдаланылган салих бир дос тапканда ага керектүү болгон урматты көрсөтүү керек! Анын малы-жанын өз малы-жанынан биринчи орунда кармоо керек! Кемчиликтерин издебөө керек, кемчилиги болсо дагы аны көрбөөсү керек, аны эч кимге айтпоосу керек, жада калса, өз алдынча кемчилигин ойлобостон унутуш керек! Сөзүнө каршы чыкпоо керек, эч качан аны менен талашпоо керек! Ага каршы сөз сүйлөгөн бирөө болсо орду менен тыйуусу керек! Таарынып, көңүлү ооруп кала турчу кандайдыр бир сөз сүйлөбөөсү керек! Суизан кылбоо керек, орунсуз кыймыл-аракеттерин таарынычка же унуткандыкка жоруу керек! Кыскасы, бир себеп издеп күнөөсүз экендигин кабыл кылуу керек, себеби, көркөм ахлагы бар адам башка адамдарга карата айкөл мамиле кылат, алардын кемчиликтерин ашкерелебейт.


Юнус Эмре 
айтат:


Улуулардын сукбаты колго тийчүдөй эмес,

Сукбатка жеткендер куру кала турган эмес.


Кыдыруу керек ар жерди, табыш үчүн бир эрди,

Зергер тааныйт гаухарды, ар ким билгидей эмес.


Бир булактын жанына жабык челек коюлса,

Кырк жыл турса дагы, өзү толгудай эмес.


Сукбат менен нурданар ыйман, талип табар ирфан,

Адамды ариф кылган, топусу менен чапаны эмес.


Алгач туура ыйман кыл, арамдан колду тый,

Рухка азык сукбат, бадамдын халвасы эмес!


Бош келген толуп кайтат

Суроо: Эски заманда Имам Раббани, Абдулкадир Гейлани хазреттери сыяктуу муршиддер бар эле. Алардын жанына баргандарга карата «Бош келген толуп кайтат, толуп келген бош кайтат» дешчү экен. Бул эмнени түшүндүрөт?

ЖООП
Алдын ала жаман ойдо барбоо керек. Эмне десе кубануу менен кабыл кыла турчу ой менен баруу керек. Толуп турган идишке бир нерсе куюшпайт. Бош барып, толуп кайтуу керек. Толуп барса, б.а, өзүндө кандайдыр бир барлык сезими менен бара турган болсо пайдалана албайт, колу бош кайтат. Жардам кыла турчу адам байларга эмес кедей болгон адамга, муктаж болгон адамга жардам кылат. Доктурлар дагы ооруп турам деп жардам сурап келгендерди дарылайт. Мен оорулуу эмесмин, менде эч кынтык жок дегендерди карашпайт. Дал ушул сыяктуу эле мен билем, мага керек эмес дегендер албетте илимден жана пейиз берекеден куру калышат.

Сый тамак берүү

Сукбатта сый тамак берүүнүн ордуна жөн гана чай ичилсе өтө жакшы болот. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Салихтер ашыкча үлпөт жана убаракерчилик беришпейт.» [Даре Кутни]
«Конок үчүн үлпөткө кирбе, конок капа болуусу мүмкүн. Коногун капаланткан Аллаху тааланы капаланткан болот.» 
[Ибни Лал]

Ушундай дайым кылынган жыйналыштарда бир гана чай болмокчу деп башынан сүйлөшүп алуу керек.

Түрдүү сый тамактар болсо башкалардын үйлөрүнө барганда алар дагы ошондой сый тамак беришим керек деп эсептегендер чыгышы мүмкүн. Бул муну кылды, баланча болсо кылбады деген ар кандай ушактар чыгышы мүмкүн. Жыйналышка көлөкө түшүрө турчу ар кандай иштен алыс туруу керек. Бир гана чай болсо маселе чыкпайт.

Бул жыйналыштардан сырткары ар качан түрдүү сый-сыяпат берүүгө болот. Жыйналыш менен сый-сыяпатты бири-бирине аралаштырып жибербеш керек.

Көздөн алыс болгон көңүлдөн да алыс калат экен.

Сукбатка баруунун илим мажилистерине катышуунун көп пайдасы бар. Имам Раббани хазреттери: «Сукбаттын үстөмдүгү бардык үстөмдүктөрдүн үстүндө. Дин улуктарынын сукбатын чоң олжо деп билүү керек», - деген. Улуу заттар: «Бул жолдун негизи - сукбат», - деп айтышчу. Күнөө тактары менен көңүлү кирдеген адам салихтердин сукбатында болсо көңүлдүн кири тазарып, күнөө кылуусу кыйындайт, жакшылык кылайын деген каалоосу көбөйөт. Илим мажилисине баратканда ар кадамына сооп жазылат. Периштелер канаттарын анын жолуна төшөшөт. Асмандагы канаттуулар, жердеги жандуулар, суудагы балыктар аларга дуба жана истигфар кылышат. Мусулмандар Аллах ыраазылыгы үчүн бир жерге жыйналышса эч сүйлөшпөсө дагы баары бир көп сооп табышат. Хадиси шарифтерде айтылган:

«Аз гана фыкых илимин үйрөнүү көп ибадат кылуудан да жакшы.» [Таберани]

«Бир адамдын уга турчу хикматтуу бир сөз бир жыл ибадаттан жана бир саат илим мажилисинде отуруусу бир кулду азат кылуусунан да кайырлуу.» [Дайлами]

«Момун үйрөнгөн бир маселе бир жыл ибадаттан жана бир кул азат кылуудан жакшы. Илим үйрөнгөн, күйөөсүнө баш ийген аял, эне-атасына жакшылык кылган бала Пайгамбарлар менен бирге эсепке тартылбастан Жаннатка киришет.» [И. Рафии]

«Илим үйрөнүп жатканга деңиздеги балыктарга чейин бардык нерсе истигфар кылат.» [И.Абдилбер]

«Периштелер илим үйрөнгөндү сүйгөндүктөрү үчүн канаттарын алардын үстүнө керишет. [И.Адилбер]

«Кээ бир периштелер Хак тааланы эскергендерди көргөндө канаттары менен аларды сүйүү менен кучакташат. Аллаху таала бул периштелерге: «Күбө болгула, бул кулдарымды кечирдим», - деп буюрат. Периштелер: «Арасында башка бир иш үчүн келген күнөөкөр жаман бирөө бар, аны да кечирдиңби йа Рабби?»- дешет. Аллаху таала: «Ооба, аны да кечирдим. Жакшылар менен бирге болгон жаман болбойт», - дейт.» [Бухари]

Сукбат кыла турчу аалым жок кезде эски заманда жашап өткөн Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуш керек. «Китеп окуу – аалым менен сукбатташуунун жартысы», - делген. Б.а., бир улуу заттын китебин сүйүү менен окуган адам аны менен сукбатташкан сыяктуу андан пайдаланат.

Бир нече салих адам бир жерге жыйналып отурушса сукбат кылышкан болот. Көңүлдөрүнөн бири-бирине сүйүү агымы башталат. Аллах сүйүүсү бийик болгонунун көңүлүнөн төмөн болгонунун көңүлүнө пейз агат. Бул бириккен түтүктөр сыяктуу. Бириккен түтүктөрдөн суюктук бир деңгээлге келгенге чейин токтобой тургандай эле бул агым да токтотула албайт. Ошондуктан, кандайдыр бир шылтоо менен болсо дагы бир жерге жыйналып туруу керек. Бир жерге жыйналганда сукбатташкан болот. Сукбатта динде баалу болгон бир китеп окулат. Улуу заттар тууралуу урмат менен сөз кылынса ал жерге рахмат берекеси жаайт.

Жол көрсөтүүчү аалым жок болсо

Суроо: Чыныгы жол көрсөтүүчү аалым (муршид) жок болгон заманда эмне кылыш керек?
ЖООП

Мухаммед Париса хазреттери айтууда:

Юсуф Хамадани хазреттеринен: «Муршиди камил табылбаган кезде эмне кылыш керек», - деп суралганда: «Ар күн алардын китептерин окуш керек», - деп буюрду. (Рисала-и кудсиййа)
Имам Раббани хазреттеринин Муктубатын окуган адам чоң жакшылыктарга  жетет. Туура итикад маалыматтарын жана да негизги фыкых маалыматтарын үйрөнөт, Олуя заттарды сүйүүнүн маанисин түшүнөт, алардын сүйүүсү менен, пейзи менен көңүлү тазаланат.

Сукбатташуу үчүн жыйналганда  уктоо туура эмес. Дин улуктары тууралуу айтылганда көңүл тазарат. Көңүл тазарган кезде ырахатка бөлөнүп уйку басат. Бирок, киши өзүн бираз кыйнаса уйкусу келсе дагы уктабайт. Бул жагынан алып караганда уктабаганга аракет кылуу керек.

Дин улууларынан уккан нерсени кайра айтып берүү дагы эрдикти талап кылат. Эсибизде жаңылыш калышы мүмкүн же башка сөз колдонулуп маанисин бузушу мүмкүн. Бир кишиге тийиштүү жеке бир сөз айтылган чыгар, муну жалпыга жайуу жаңылыш болот. Ал жерге келген кээ бирлери үчүн илим саясаты катары ошол убакка жана шарттарга карата айтылган чыгар. Муну ар качан, ар жерде айтуу орундуу болбойт. Жада калса, суизанга, фитнага себеп болушу мүмкүн.
Уккан сөзүбүз китептерге каршы болсо ката түшүнүп калгандыгыбыз белгилүү. «Мен ушундай уктум» деп китептерге каршы болгон нерсени айтуу дагы жаңлыш болот. Айрыкча, «Баланча уккан экен» деп экинчи ооздон алып айтуу андан бетер жаңылыш болушу мүмкүн. Эмне максат менен айтылганы билинбеген сөздү накыл кылуу (аны кайра башкаларга айтуу) орундуу болбойт.
Бир канча киши жыйналып бир китеп окушса дин улуктары каалагандай сукбат болгон болот. Муну ар ким кыла алат. Колдон келишинче ушундайча дин маалыматтарын үйрөнүүдөн куру калбоо керек.

Бул сукбатташуунун максаты - туура болгон китептерди окуу жана окутуу. Диний сукбат кылган кезде динде баалуу деп саналган китептерден окуп, өзүнөн бир нерсе кошпоосу керек. «Биздин сукбатыбызга келген киши кутулат, келбегендин абалы начар» деп айтуу жаңылыш. Улуулардан бири сукбат кылуу үчүн милдет жүктөгөн шакирттерине: «Сукбатташууга жыйналганда кудайлык жана пайгамбардык дабасында болбогула!» - дейт. Шакирттери таң калышат. «Менин ар айтканым орундалсын десеңер кудайлык дабасына белсенген болосуңар. Мага баш ийбеген, сукбатыбызга келбеген Тозокко кетет десеңер пайгамбарлык дабасына белсенген болосуңар», - дейт.

Имам Раббани хазреттери буюрууда:

Сүйгөндөрүбүздөн бирине уруксат берүүбүздө максат ыйман алсыраган, көп адамдардын жолдон чыккан, дин маалыматтары унутулган бул бороондуу заманда мусулман балдарына Аллах жолун көрсөтүүсү, өзүнүн да шакирти менен алек болуп жатып алар менен бирге илгерилөөсү үчүн. Бул нерсени жакшы түшүнүү керек жана өмүрдө артта калган бир канча күндүк мүмкүнчүлүктө эмгек кылып шакирт менен бирге ниматка жетүү керек. Болбосо бул уруксатты улуулук, жетилгендик деп жаңылыш ойлоп алып асыл максаттан куру калбоо керек. (1/217)
Сукбатта өзүнчө бир топ сыяктуу болуу, өзгөчө бир жол карманган сыяктуу кыймылдоо, шейх сыяктуу мамиле кылуу, өзүн алдыңкы планда кармоо жакшы эмес. Мындай кылуу дин улуктарынын жанында чегин билбестик, алар менен жарыш кылуу болот. Сукбат уюштурган адам өзү гана сүйлөбөстөн ар ким эркин сүйлөй алуусу керек. Ал жердегилерди шакирт сыяктуу эмес теңтуш досу катары көрүүсү керек. Шейх сыяктуу мамиле кылуудан өтө сактануу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш