Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аялдар - алсыз жана назик жаратылыш




Аялдар - алсыз жана назик жаратылыш


Үй-бүлө эркекти да, аялды да бактылуу кылган ыйык биримдик болуп саналат. Адистер мындай дешүүдө: «Депрессия ичиндеги бир аялга рецепт жазып бергиңер келсе аны үйлөнткүлө, балалуу кылгыла. Бир эркекти дагы бактылуу кылгыңар келсе ушул эле нерсени ага да кылгыла.»

Бүгүнкү күндө, өзгөчө Батышта адамдын Бейиши деп айтыла турчу ысык жылуу уя, башкача айтканда, үй-бүлө жашоосу талкаланууда. Аял эмгектенүү үчүн ар күн сыртка чыкканда алгач өзү, кийин бала-бакырасы жана калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн тынчтыгын кетирүүдө.

Аял ансыз деле алсыз жана назик жаратылыш. Үй-иштери жана бала-бакыраны кароо ага артыгы менен жетип турганда ага кошумча сыртта бир адистикте жана кызматта иштөөсү аны ого бетер чарчатууда жана тынчтыгын жок кылууда.

Эмгектенген эне күн сайын эртең менен балдарын калтырып кетип баратканда өзүн күнөөкөр деп сезүүдө. Биз жашап жаткан кылымда аялдардын үйлөнүүдөн качууларынын эң чоң себептеринин бири балким ушул болушу мүмкүн.

Эненин ар күнү сыртта иштөөсүнөн туулган маанилүү маселелерден бири балдарынын зарыл болгон кам көрүүдөн жана эне мээриминен куру калуулары. Балдардын тамак-аш сыяктуу эле эне мээримине дагы муктаждыктары бар.

Жалпы түшүнүктө аялдар акча табуу, ушинтип үй муктаждыктарын камсыздоо үчүн эмгектенишүүдө. Бирок, кылынган изилдөөлөргө караганда эмгектенген энелердин 84 пайызынын негизги максаты акча эмес алган билимин жана адистигин колдоно алуудан келип чыккан арзууларын кандыруу болуп саналат.

Динибиз болсо аялдын иштөөсүнө белгилүү шарттардын ичинде жана зарыл жагдайларда уруксат берген. Үй-бүлөнүн, бала-бакыранын муктаждыктарын камсыздоону болсо эркекке парз кылган. Эркектер аялдардан да күчтүү жаратылышкан. Эркектердин мидеттери акча табуу, жубайынын жана балдарынын муктаждыктарын камсыздоо болуп саналат. Аялдын эң маанилүү милдети болсо үйүндө үй иштери жана балдарынын тарбиясы менен алек болуулары. Аялдар эркектерге караганда дагы да мээримдүү, жумшак жана сезимтал болушат. Эркектер үй-иштеринде аялдарчалык ийгиликтүү боло албагандыктары сыяктуу аялдар дагы сырттагы жумушта эркектердей боло алышпайт. Аялдар жумушундагы бир ишке өздөрүн канчалык бирүүгө аракет кылышпасын үй иштеринин өздөрүнө тийиштүү экендигинин сезимин жондорунан алып таштай алышпайт. Алар үйдөгү проблемаларына жумушундагыдан да көп маани беришет.

Аял жана эркек тең укутарга ээ, бирок, жаратылыштары тең эмес. Алардын арасында өтө айырмаланган жаралһтылыштары бар. Алар бири-бирине муктаж, бири болбосо экинчиси кем жаратылыштар. Башкача айтканда, алар бир уяда бүтүндөшкөн, бири-бирин толуктаган эки башка жарымдар болуп саналат.

Жакшы бир үй-бүлө эркекке да, аялга да тынчтык жана бакыт тартуулаган чоң окуя. Бул бакыттын дайыма улануусу үчүн аялдарга артык жүк жүктөбөө керек.

Мына бул нерсени башынан белгилеп койуу керек, жер жүзүндө төрт тарабы төп келген эркек дагы, аял дагы жок. Ар кимдин жакшы тарабы бар болгонундай эле жаман тарабы да болушу мүмкүн. Бул абалда эркектин аялынан көп нерсени күтүүсү динин жакшы билбегендиктин белгиси. Аялдын алсыз жана назик жаратылыш экендиги чындык. Аялынан жакшы мүнөздүү болуусун каалаган эркек алгачч өзү жакшы мүнөздүү болуусу керек. Курани каримде адамдын башына түшкөн кыйынчылыктардын кылган күнөөлөрүнөн улам келе тургандыгы билдирилүүдө. Андай болсо динибиздин буйруктарына жана тыйууларына маани берген адам аялы менен жакшы мамиледе өмүр сүрөт. Үйгө келгенде аялына салам берип, ал-ахыбалын сурап, кайгы-кубанычына орток болуусу керек. Хадиси шарифте мындай делди:

«Аялдарыңарды кыйынчылык тарттырбагыла! Алар Аллаху тааланын силерге аманаты. Алар менен жумшак болгула, жакшылык кылгыла!». [Муслим]

«Ыйманы эң кубаттуу киши ахлагы жакшы жана аялына карата жумшак болгону.» [Тирмизи]

Жакшы мүнөздүү болгон эки дүйнөдө ырахаттык табат. Кемчиликсиз кул болбойт. Кемчиликсиз дос издеген доссуз калат, кемчиликсиз түгөй издеген түгөй табалбайт. Үйдө эч бир нерседе кемчилик таппоо керек. Сын пикир, тартышуу бир уянын бузулуусуна же тынчтыгынын жоголуусуна себепчи болот. Эч бир адам сын пикирди жактырбайт. Ар ким мактоо күтөт. Бир аял үчүн эң чоң бакыт күйөөсүнүн өзүн мактоосу болуп саналат. Өзгөчө аялдар жөнөкөй нерсеге маани беришет. Майрамдарда, мубарек түндөрү, үйлөнүү юбилейлеринде кичине болсо да белек берүүнү кечиктирип койбоо керек.

Мактоочу, назик, айкөл жана бала-бакырасына жылуу жүздүү болгон адамдын үйүндө ынтымаксыздык, келишпестик болуусу мүмкүнбү? Ооба, күлүмсүрөөнүн отунда ээрибей турчу нерсе жок. Көңүлдү алуу күлүмсүрөөдөн өтөт. Күлүмсүрөө бекер, алган адамды бактылуу кылат, бергенди капа кылбайт. Тынчтыктын ачкычы – күлүмсүрөө.

Бир үй-бүлөдө бакыттын камсыздалуусу жана дайым улануусу үчүн аялына жакшы мамиле кылынуусу керек. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:

«Момун адам аялына сунган тамактын бир үзүмөнөн да сооп табат.»

Аялдар бизге Аллаху тааланын аманаты. Салиха бир аял момундар үчүн бакыт, Жаннат жакшылыктарынан болуп саналат. Мына ушундай аялды таарынтууга болобу?

Расулуллах алейхиссалам туугандарына, Асхабына жана кызматчыларына карапайымдык менен жакшы мамиле кылчу эле. Үй ичинде өтө жумшак жана күлүмсүрөөчү эле. Момун адам да ар кимге карата күлүмсүрөгөн жүздүү жана таттуу тилдүү болуусу керек. Катуулук жоготтурат. Хадиси шарифте мындай делди:

«Жумшак мамиле кыл! Катуулуктан сактан! Жумшактык адамды кооздойт, жагымсыздыкты кетирет.» [Муслим]

Акыл-эси ордунда болгон адам мына бул үч күндүк дүнүйөдө данектин ичин толтурганга жарабаган майда себептер менен бала-бакырасын таарынтып, көңүлдөрүн сындара алабы?


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш