Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Такыбаалыктын өрнөгү Хазрети Айша




Такыбаалыктын өрнөгү Хазрети Айша


Раббибиз Айша энебизге Ислам дининин түшүндүрүлүүсү үчүн укмуштуудай зээн жана эс тутум берген эле. Ал - бардык момундардын энеси. Расулуллахка жубай болуу бакытына жеткен кадырлуу жубайларынын ар бири дүнүйөгө келип кеткен катардагы адам болгон эмес. Алар баарынан мурда энелерибиз. Бул даражаны аларга жеке Аллаху таала берген.

Хазрети Абу Бакр пайгамбарлардан кийин дүнүйөгө келген жана келе турчу бүткүл адамзаттын жогорусу эле. Момун болуу жагынан кызы Айша энебиз (радыйаллаху анха) анын да «энеси» эле. Ошондуктан, уруксатсыз Айша энебиздин жанына барчу эмес...

Айша энебиз Пайгамбарыбыздын үйүнө киргенден тарта такыр башкача милдет жүктөнгөн эле. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө, өзгөчө аялдарга устаздык кылчу, алсыздардын баш калкалоочусу, кедейлердин дартына орток, эч кимиси жоктордун ээси эле. Окшошуна өтө аз кездешчү такыбаага ээ эле. Дүнүйөнү баалачу эмес... Мындай деген эле: «Бир күнү Расулуллах алейхиссаламдын жубайлары жыйналган элек. Кызыгып, Расулуллахтан сурадым: «Бул дүйнөдөн айрылгандан кийин кайсы бирибиз биринчи болуп сизге жетебиз?»

- Кайсы бириңердин колу узун болсо!

Пайгамбарыбыз алейхиссалам чыккандан кийин жип менен колдорубузду ченей баштадык. Зейнеп бинти Жахштын (радыйаллаху анха) колу узун чыкты. Колу узун деп айтылуудагы максат «эң көп садага берген» деген маани экендигин кийин түшүндүк. Андай болгондо да ал утмак, себеби, баарыбыздан жоомарт болчу. Чындыгында эле Расулуллахтан алты ай кийин кайтыш болду...»

Эч күмөнсүз Асхабы кирамдын арасында илиминин тереңдиги жагынан алып караганда Айша энебиздин орду башка болчу. Мекке калаасында түшкөн айти карималар ыйман менен байланыштуу эле, ыймандын алты шартын жаттоо жеңил эле. Мугалимге муктаждык жок эле. Медина калаасында болсо ибадаттар парз кылынды, момундар Расулуллахтын жакындарынан сурап билип, кемчиликтерин толукташчу эле.

Асхабы кирамдын саны 150 миңдин тегерегинде эле. Мунун жарымына жакыны аялдар эле. Кимден үйрөнүшөр эле. Албетте, энелерибиздин эшиктерин кагышчу... Энелерибиздин ичинде эң көп хадиси шариф жаттаган, диний өкүмдөрдү эң жакшы билген Хазрети Айша болгон. Себеби, жаш эле, тунук эс тутуму бар эле. Жаштыкта үйрөнүлгөн нерселер ташка тамга баскандай калат эмеспи. Улгайганда үйрөнүлгөн нерселер болчо муз үстүнө жазуу жазганга окшотулат.

Адамзат тарыхында эч кимдин жашоосу Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам) жашоосунчалык мыкты сүрөттөлгөн эмес. Сырттагы жашоосу тууралуу кадырлуу Сахабаларынан үйрөндүк. Үй ичиндегилерин болсо кадырлуу энелерибизден үйрөндүк. Пайгамбарыбыздын кадырлуу заманынан азыркы күнгө чейин келип-кеткен жана келе турчу Мусулмандар кадырлуу жубайларына рахмат карыздарбыз. Аларга канча көп дуба кылсак да аздык кылат. Эч качан бизге сиңирген акыларын өтөй албайбыз...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш