Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кыйын деп динине кызмат кылуудан качуу




Кыйын деп динине кызмат кылуудан качуу


Өздөрүнө хикмат берилген аалымдар мындай дешкен:

Бизден кийинки урпактар ушул Ахли сүннөт жолун, ушул кызматтарды улантышат, Ахли сүннөт китептерин бүткүл адамдарга жеткиришет, бул кызматтар кыяматка чейин уланат, иншаллах. Бул кызматтардын кадырын билип туруп, кыйналган кездерде, кыйынчылыктарга тап болгондо ушул иштерди таштап, башка жумуштар менен алек болгондорго, арабыздан айрылууну көздөгөндөргө таң калбоо мүмкүн эместей.

Бул дин, бул китептер бизге келгенге чейин 1400 жыл бою ушул жолдо эч кандай кыйынчылык болбодубу, эч ким кордукка дуушар болбодубу? Бүткүл пайгамбарлар, алардан да эң көп Расулуллах алейхиссалам көптөгөн кыйынчылыктарды көрдү. Асхабы кирамдын өмүрлөрү түрдүү кыйынчылыктар менен өттү. Жер жүзүнүн бардык аймактарында сахабалардын кабырлары бар. Алар артка кайтпоо шарты менен үйлөрүнөн, элинен алыс кетип, ошол элдерге чейин барышып, ошол жерлерде шейит болушту. Имам Раббани хазреттери өмүрүнүн бир нече жылын камакта өткөрдү. Имам Азам хазреттери камакта сокку көрүп кайтыш болду. Осмондуктар, ага чейинкилер ушул күндөргө келгенге чейин түрдүү кыйынчылыктарды көрүштү.

Ошондой бир эсеп күнү келет, мүйүзсүз кочкор мүйүздүүсүнөн акысын алат. Бири-бирибизди таарынтпообуз, ушактабообуз керек. Айрыкча, жалаа жаба турган болсок жазасы өтө оор болот. Биз тууралуу да көп сөздөр айтылуусу мүмкүн. Имам Азам хазреттерине бирөө келип: «Баланча киши сиз тууралуу жаман сөз айтып жатат», - деди. Имам Азам хазреттери ал кишиге бир капчык алтын жөнөттү. «Канча күнөөм бар болсо баарын алып жатат, рахматымды билдирүү үчүн жөнөттүм», - деди. Ар ким өз тапкандары менен калат. Акылдуу адам сооп табат, күнөө эмес. Андан да акылдуусу өзгөлөрдүн күнөөлөрүн жүктөнүүдөн сактанат.

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттеринин шакирттеринен Зия мырза үйүндө бирөө тууралуу сөз козголсо: «Токтоткула, алгач өзүңөргө карап алгыла, эч кимди жамандабагыла», - дечү. Бир сөз дагы сү         йлөтчү эмес. Бирөө тууралуу сүйлөбөөбүз керек, күзгүнүн алдында туруп биз кимбиз, эмне кылып жүрөбүз деп өзүбүздү карообуз зарыл.

Курани каримде: «Сабыр жана намаз менен Аллахтан жардам сурагыла! Аллах албетте сабыр кылуучулар менен бирге», - делген. Баарынан көп Расулуллах алейхиссалам сабыр кылган. Эң көп душманы бар – Аллаху таала. Бир күнү Муса алейхиссалам адамдардын сөздөрүнөн чарчап: «Йа, Раббим, мына бул эл мен тууралуу сүйлөшпөсүнчү», - деп дуба кылат. Ошондо Аллаху таала: «Йа, Муса, сен сураган ушул тилекти мен өзүм үчүн да каалабадым. Көрбөйсүңбү, адамдар мен тууралуу эмнелерди сүйлөп жаткандыктарын», - деди. Демек, ийгиликке, бакытка жетүү үчүн кимден, кандай жол менен келсе да түрдүү кыйынчылыктарга сабыр кылуу шарт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш