Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дубаларыбыз эмне үчүн кабыл болбой жатат?




Дубаларыбыз эмне үчүн кабыл болбой жатат?


Бир жолу ыңгайы келип калганда Ибрахим бин Эдхемден бир киши насаат сурап калды. Ага мындай деди: Эгер сен алты нерсени кабыл кылсаң сага эч бир зыяны тийбейт. Ал алты нерсе мына булар:

1- Күнөө кыла турчу кезде Анын ырыскысын жебе! Берген ырыскысын жеп кайра Ага каршы чыгуу туура болобу?

2- Ага каршы чыгууну кааласаң Анын мүлкүнөн чык! Анын мүлкүнөн болуп туруп Ага каршы чыгуу ылайык болобу?

3- Ага каршы чыккың келсе Ал көргөн жерде күнөө кылба! Ал көрбөгөн жерде күнөө кыл! Анын мүлкүндө болуп, ырыскысын жеп, Ал көргөн жерде күнөө кылуу ылайык эмес.

4- Жан алуучу периште рухуңду алууга келгенде тообо кылганга чейин уруксат сура! Ал периштени кууп жибере албайсың. Алы-күчүң бар кезде ал келгенге чейин тообо кыл! Ал мына ушул саат. Себеби, өлүм периштеси күтпөгөн жерден келет.

5- Мазарда Мункар жана Накир аттуу эки периште суроо сураганы келгенде аларды кубала, сени сынашпасын! Муну сураган киши: «Бул мүмкүн эмес», - деп айтат. Ошондо улуу Устаз: «Андай болсо аларга жоопту азыртан даярда!»

6- Кыямат күнү Аллаху таала: «Күнөөсү болгондор Тозокко барышсын!» - деп буйрук кылганда мен барбаймын де!

Тиги киши: «Ал жерде менин сөзүмдү угушпайт», - деди. Ошентип бул киши тообо кылды да, бул тообосунан өлгөнгө чейин кайткан жок. Олуянын сөзүндө Раббани таасир бар.

Ибрахим Эдхемден: «Аллаху таала «Эй, кулдарым! Менден сурагыла! Кабыл кылам, берем», - деп жатат. Бирок, сурап жатабыз берген жок, бул кандай?» - деп сурашты. Жообунда мындай деди:

Биринчиси: Аллаху тааланы чакырасыңар, Ага ыйман келтиргенсиңер, бирок, Ага баш ийбейсиңер. Бизди Ал жаратты, Ал жашатууда. Ар качан жашообуздун улануусун ихсан кылууда. Абадан демалып жашообуз уланууда, сууну ичип жашообуз уланууда. Ар качан Раббибиз бизге жакшылыктарын ихсан кылууда, биз болсо ага дайыма каршы чыгуудабыз, күнөө кылуудабыз. Келген жакшылыктардын Аллаху тааладан келип жаткандыгын билбөөдөбүз. Бул – биринчи себеп. Бизге жакшылык кимден келсе келсин, аны жиберген зат - бизди жараткан Раббибиз. Себеби, ал жакшылыкты ага берген, аны бизге бул жакшылыкты берүүгө себепчи кылган. Анын жүрөгүнө бул сүйүүнү орноткон – Раббибиз. Андай болсо жакшылыкты жиберген – Аллаху таала. Бирок, биз ортодогу себептерден деп билип жатабыз. Мисалы, баланча доктур болбосо өлмөкмүн, баланча болбосо күнүм бүтмөк дегендей окуялар биздин себептерге көп таасир бергендигибиздин белгиси. Шыпааны Раббибиз берүүдө, бирок, доктур буга себепчи болууда. Дарыга шыпаа таасирин берген да – Аллаху таала. Ошондуктан, эгер шыпаа тапкан болсок Раббибизге шүгүр кылуубуз керек, доктурга дагы буга себепчи болгондугу үчүн рахматыбызды билдирүүбүз керек. Биринчи себеп мына ушул. Биз болсо ушул себептерге кадалып, бул себептерди жараткан Аллаху тааланы унутуудабыз. Аны эсепке кошпоо – өтө чоң ката.

Экинчиси: Пайгамбарыбызды «алейхиссалату вассалам» пайгамбар катары кабыл кыласыңар, бирок, ага баш ийбейсиңер. Мухаммед алейхиссалам биздин Расулубуз, жол көрсөтүүчүбүз. Пайгамбарыбыз баарыбызга Жаннатка барчу жолду көрсөтүүдө, муну билесиңер. Бирок, анын сүннөттөрүн орундабай жатасыңар. Анын айткандарына маани бербей жатасыңар. Дүнүйөдөгү эч бир адамдын өмүрү мынчалык жакшы сүрөттөлгөн, жазылган эмес. Ийне-жибине чейин Пайгамбарыбыздын «алейхиссалату вассалам» өмүр баянын билебиз. Сыртта кантип адамдар менен сүйлөшөр эле, кантип отурчу эле, кантип басчу эле, кантип сүйлөсү эле, буларды асхабы кирам «алейхимуррыдван» айтып калтырышкан. Муундан муунга айтылып келген. Үй-бүлө турмушун дагы энелерибиз айтып калтырышкан. Кантип уктачу эле, кантип даарат алчу эле, үй-бүлөлүк турмушту дагы алардан үйрөнгөнбүз, Аллаху таала алардан да ыраазы болсун.

Үчүнчүсү: Курани каримди окуп жатасыңар, бирок, көрсөткөн жолунда жүрбөйсүңөр. Курани каримдин буйруктарын орундабай жатасыңар, арамдардан сактанбай жатасыңар. Бир гана окуу менен болбойт. Аны менен бирге амал да кылыш керек. Бир киши колуна берилген дарылардын курамын билсе, кайсы заттардан жасалгандыгын да билсе, бирок, аны колдонмоюнча оорусуна шыпаа таба албайт. Аллаху таала ага шыпаа берүүсү үчүн ал киши бул дарыны колдонуусу керек. Дары шыпаа үчүн себеп.

Төртүнчүсү: Аллаху тааланын берген жакшылыктарын пайдаланасыңар, бирок, Ага шүгүр кылбайсыңар.

Бешинчиси: Бейиштин ибадат кылгандар үчүн экендигин билесиңер, бирок, ага барууга даярданбайсыңар. Тозоктун Ага каршы чыккандар үчүн жаратылганын билесиңер, бирок, андан сактанбайсыңар.

Алтынчысы: Ата-бабаларыңардын эмне болгондуктарын көрүп андан сабак албайсыңар.

Жетинчиси: Өз кемчиликтериңерге карабай башкалардын кемчиликтерин издейсиңер. Мындай кишилер үстүлөрүнө таш жаабагандыгына, жерге кирип кетпегендиктерине, асмандан от жаабагандыгына шүгүр кылышсын! Дагы эмнени сурап жатышат? Алардын кылган дубаларынын натыйжасы ушул болсо ошонун өзү жетиштүү эмеспи?

[Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн алтымышынчы аятында: «Дуба кылгыла, кабыл кыламын», сурагыла, беремин], - деп буюрууда. Дубанын кабыл болуусу үчүн беш шарт бар: Дуба кылган кишинин мусулман болуусу, Ахли сүннөт ишениминде болуусу, арам иш кылуудан, өзгөчө арам тамак жеп-ичүүдөн сактануусу, парздарды орундоосу, өзгөчө беш убак намазды окуусу, Рамазан орозолорун кармоосу, зекет берүүсү, Аллаху таала каалаган нерсенин себебин үйрөнүп муну издөөсү керек. Аллаху таала бардык нерсени бир себеп менен жаратууда. Бир нерсе суралганда ал нерсенин себебин жөнөтөт жана ушул себепке таасир берет. Адам баласы бул себепти колдонуу аркылуу бул нерсеге жетет. Олуясынын кадыры үчүн адатын бузуп, булар дуба кылганда же Олуялар себепчи кылынып дуба кылынганда буларга (Керемет) катары себепсиз түрдө сураган нерсесин берет.]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш