Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Напсин тааныган киши Раббисин тааныйт




Напсин тааныган киши Раббисин тааныйт


Акыретте эң көп кубаныч ичинде болгондор - булар Аллаху тааланы эң көп сүйгөндөр. Акырет бул – Аллаху таалага жетүү бакытына ээ болуу деген сөз. Узак убакыт кусалыктан, касыреттен кийин сүйгөнүнө жетүүдөн дагы чоң кубаныч эмне болушу мүмкүн?

Ар ким жашоосунун эч жоголбостон улануусун каалайт. Өзүн жана Раббисин билген адам өз барлыгынын, өз жашоосунун өз колунда эмес экенлигин билет. Мунун Аллаху тааланын тилөөсү менен бар болгондугун да өтө жакшы билет...

Барлыктардын баары Анын кудурети менен бар болуп турууда. Эч ким өз өзүн жаратып, жашоосун уланта албайт. Андай болсо киши өзүн жараткан, жашаткан жана түркүн жакшылыктарды берген Раббисин сүйүүсү керек. Сүйбөсө жаратылышын билбегендиктен жана сабатсыз караңгылыгынан улам. Себеби, сүйүү марифаттын, б.а., таануунун жемиши. Тааныбастан туруп сүйүү болбойт. Сүйүү таануу менен болот. Таануу канчалык көп болсо сүйүү дагы ошончолук көп болот. Раббичин тааныган адам албетте Аны сүйөт. Өзү сүйгөн адам Аны жаратканды сүйбөөсүн ойлоп болбойт. Хадиси шарифте мындай делди: «Напсин тааныган Раббин тааныйт.»

Жафар Садык хазреттеринен: «Дубаларыбыз эмне үчүн кабыл болбой жатат?» - деп сурашканда ал мубарек зат мындай деп жооп берген: «Силер тааныбаган бирөөнөн сурап жатасыңар, ошондуктан кабыл болбойт жатат. Раббиңерди тааныганыңарда кылган дубаңар кабыл болмок!»

Биз жеткен материалдык жана руханий деп биз билген же билбеген бардык жакшылыктарды Раббибиз биз үчүн жараткан, түрдүү себептер аркылуу бизге жеткирген. Кимден келсе келсин аны бизге жөнөткөн – Аллаху таала.

Бардык адамдар өзүнө жакшылык кылган кишини жакшы көрүшөт. Биз бардык көңүлүбүз менен Аллаху тааланы сүйүшүбүз керек.

Асхаби кирамдан (алейхимуррыдван) Абу Хузайфа кыз бир тууганын кулу Сали менен үйлөнттү. Мындан улам аны айыптагандан болду. «Силер тектүү үй-бүлөсүңөр, карындашыңдын колун сурагандар көп болмок, күйөө балаңар каяктагы бир кул болушу керек эмес эле..!» - дешти.

Абу Хузайфа радыйаллаху анх аларга мындайча жооп берди:

«Салим карындашыман да жогору. Мен өз кулагым менен Пайгамбарыбыздан укканмын. Мындай деген: «Ким Раббин бардык көңүлү менен сүйгөн бирөөнү көргүсү келсе Салимди карасың.»

***

Ар ким Раббисин сүйгөндүгүн айтат. Бирок, бул айткандары канчалык чындыкка төп келет? Сүйүү - көңүлдүн иши, сырткы белгилери менен гана белгилүү болот. Сүйүүнүн чыныгы сүйүү боло алуусу үчүн сүйгөнүңүз кимди сүйсө ошолорду сүйүү, ал эми сүйбөгөндөрүн дагы сүйбөө керек.

Имам Раббани куддиса сиррух мындай деген:

«Ыймандын шарты алты. Бул алты шарттын жарамдуу болуусу үчүн дагы бир шарт бар! Ал – хубби филлах жана бугди филлах. Б.а., сүйгөндөрүн сүйүү, сүйбөгөндөрүн сүйбөө...»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш