Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Салих (жакшы) мусулман болуу керек




Салих (жакшы) мусулман болуу керек


Хусейн Хилми Истанбули "рахметуллахи та’ала алейх” мындай деген:

Акылдуу болгон адамдар дүнүйөдө тынчтык жана бакыт ичинде өмүр сүрүп, акыреттеги азаптан кутулуп, чексих жакшылыктарга жеткилери келет. Мына ошондуктан, «Саадат-и Абадиййа» (түбөлүк бакыт) аттуу китебимди жаздым. Дүнүйөнүн бардык булуң-бурчундагы адамдарга бакыт жолун көрсөтүү үчүн аракет кылдым. Алгач өзүм үйрөнүү үчүн көп окудум. Жылдар бою жүздөгөн китептерди окудум. Тарыхты, тасаввуф илимин көп изилдедим. Жаратылыш таануу илимдери тууралуу көп ойлондум. Дүнүйөдө ырахатка жана акыретте чексиз жакшылыктарга жетүү үчүн салих мусулман болуу керек экендигин жакшы түшүндүм жана ишендим. Салих мусулман болуу үчүн дин билимдерин Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен үйрөнүү керек. Жахил (дин сабаты жок) адам салих болуу түгүл мусулман болуп да жарытпайт. Салих мусулман кандай боло тургандыгын «Саадат-и Абадиййа» китебимде кеңири билдирдим. Кыскачасы:

1- Ахли сүннөт аалымдары кандай билдиришкен болсо ошондой ишенүү керек.

2- Төрт мазхабдан бирөөнүн фикх китептерин окуп, дин билимдерин туура үйрөнүп, ошого шайкеш ибадат кылуу жана арамдардан сактануу керек. Төрт мазхабдын биринде болбогон же төрт мазхабдын оңой жерлерин алып, бир жерге жыйнаган, б.а., мазхабдарды бири-бирине аралаштырган адам «мазхабсыз» деп аталат. Мазхабсыз адам ахли сүннөтттөн айрылган болуп саналат.

3- Эмгек кылып акча табуу керек. Динге шайкеш түрдө табыш табуу керек. Кедей киши бул заманда динин, намысын, акысын коргой албайт. Буларды коргоп, Исламга кызмат кыла алуу үчүн илимдин тапкан жаңылыктарынан, жеңилдиктеринен пайдалануу керек. Адалдан табыш табуу жана динине кызмат кылуу – чоң ибадат. Намазга кедерги болбогон жана арам иш кылууга себеп болбогон табыш жолу кайырлуу жана касиеттүү болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш