Илим туураны жаңылыштан ажыратуу дегенди билдирет.
Болбосо көп китеп жаттап алуу деген сөз эмес. Дүнүйөдөгү бардык китептерди
жаттап алсак, бирок, Аллахтын ыраазычылыгына шайкеш эч бир ибадатыбыз болбосо
анда бул эч нерсеге жарабайт. Пайгамбарыбыз: "Йа, Раббим! Мага
туураны туура, жаңылышты жаңылыш кылып билдире көр. Жаңылыш нерсеге туура деп жармашып албайын, туура нерсеге да жаңылыш деп
каршы чыкпайын!” –
деп дуба кылчу жана бизге да ошентип дуба кылууну буйрук кылган. Туураны
жаңылыштан ажыратуу (б.а., бул Аллахтын ыраазычылыгына шайкешпи же эмеспи деп
ажырата билүү) өтө кыйын иш. Устазы болбогон адамдын туураны жаңылыштан ажырата
билүүсү мүмкүн эмес. Азыркы доорубузда өтө начар жана өтө көп топтор пайда
болгон, кайсы биринин туура экендигин акылыбыз менен, илимибиз менен түшүнө
албайбыз.
Акыйда жагынан бузук бир ишеним бардык ибадаттарды
жок кылып жиберет. Эч кандай пайдасы болбойт. Аллаху тааланын акыретте
кулдарынан биринчи сурагы туура ыйман болуп саналат. Туура ыйман - диндин
негизи. Бардык ибадаттар ошол негиздин үстүнө тургузулат. Бирок, туура ыймандын
душманы көп болот. Шайтан, напсибиз, жаман жоро-жолдоштор жана жаман массалык
маалымат каражаттары, б.а., ичкериден, сырттан алдабызга чыккандардын баары
ыйманга кол салууда. Имам Раббани хазиреттери 400 жыл мурда: "Ыйманыма кол
салчулардан бактын жалбырагы сымал титирөөдөмүн”, - деген. Башкача айтканда,
ошол кезде эле ыйман уурулары, ыйман душмандары ушунчалык көбөйгөндүктөн ал
сыяктуу улуу аалымдын өзү ыйманым кетип калбаса экен деп коркчу.
Бул улуу аалымдарды тааныгандар - өтө бактылуу
адамдар. Аллаху таала тарабынан тандалган адамдар. Бул аалымдар толук жана
туура ыйманга жеткиришет. Бул ыйманга жетүүбүз үчүн мал-жандарын курман кылган
сахабалардан баштап, Караханийлер, Салжуктарга, Осмондуктар сыяктуу тарыхтагы мусулман
мамлекеттердин бардык аалымдарына, олуяларга, мужахиддерге, шейиттерге канчалык
рахматыбызды айтсак аздык кылат. Анткени, алар бул ыйманды туудай коргоп, жандары
менен, мал-мүктөрү менен, акчалары менен, бардык нерселери менен бизге чейин жеткиришпегенде
мусулман баласы катары дүнүйөгө келмек эмеспиз. Балким башка ишенимдер менен
жашап, ыймандан куру калуу менен түбөлүк тозоктук болмокпуз. Ошондуктан, бизде
алардын чоң акылары бар. Башкача айтканда, бул нематка жетүүнүн жүгү,
жоопкерчилиги өтө оор. Эми биз буларды башкаларга үйрөтүүгө аракет кылбасак
бизден кийинки бардык урпак: "Бизде ошончо көп адамдардын акысы бар экен.
Мага эмне үчүн муну үйрөтпөдүң?” – деп бизге даттана турган болот.