Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кыйынчылыктардын себеби




Кыйынчылыктардын себеби


  Аллаху таала кулдарына мээримдүүлүк кылып, бардык нематтарды жаратты жана буларды кантип колдонуу керектигин пайгамбарлары, китептери аркылуу билдирди. Бул билдирилген илимдердин жыйынтыгы дин деп аталат. Курани каримде: "Нематтарымдын баркын билсеңер көбөйтөмүн, баркын билбесеңер, колуңардан алып, ордуна оор азап беремин”, - деп билдирилди (Ибрахим, 7). Жунайд Багдади хазиреттери: "Шүгүр дегенибиз – Аллаху таала насип кылган нематтарды Ал каалагандай, ал каалаган жолдо колдонуу деген сөз”, - деп айткан.

  Адамдар дининен алыстаган сайын бири-бири менен болгон карым-катнаштары сууп, жокчулукка учурап, зыян тартуу жана кайгы-кыйынчылыктардан кутула албай жатышат. Дүнүйөлүк илимдерде, технологияда таң каларлык прогресстер ишке ашып жаткан болсо да, жер бетиндеги бактысыздыктардын, кайгы-кыйынчылыктардын азайбагандыгы, жада калса, көбөйүп жаткандыгы да айкын көрүнүп жатат.

Аллаху таала адамдардын бакытына себеп боло турган нерселерди буйрук кылган. Жамандыктарга себеп боло турган нерселерди тыюу салган. Ыймандуу-ыймансыз каалаган бир адам, билип же билбестен ошол буйрук менен тыюуларга ылайык аракет кылган сайын, дүнүйөдө тынчылык жана бакытка толо бир өмүр сүрөт. Бул өзүнө пайдалуу болгон дарыны билип-билбей ичкен адамдардын оорудан айыгып кетүүсүнө окшойт. Динсиз адамдардын жана динсиз элдердин көптөгөн иштеринде ийгиликке жетип жаткандыгын көрүүдөбүз. Алар өздөрү билбесе да Курани каримдин талаптарына ылайык эмгектенип жаткандыктары үчүн ийгиликке жетишүүдө. Бирок, акыретте да бакытка жете алуу үчүн Курани каримге ыйман келтирип, ниет кылып, ага шайкеш өмүр сүрүүгө тийиш.

  Жыйынтыктап айтканда, кыйынчылыктардын себептеринин биринчиси - динин билбөө жана үйрөнбөө. Ал эми экинчиси - билгендери жана үйрөнгөндөрү менен амал кылбоо. Анткени, бактылуулук Аллаху тааланын буйруктары менен тыюуларын үйрөнүп, буларга моюн сунуу аркылуу ишке ашат. Адамдарга дарт, кыйынчылыктар күнөө аркылуу, ал эми бакыт менен тынччылык динге моюн сунуу аркылуу келүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш