Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жакшылар жатып алса жамандар ээлик кылат




Жакшылар жатып алса жамандар ээлик кылат


  Ахли хикмат аалымдар мындай дешкен:

  Жакшы адамдар милдеттерин орундабаган убакыт бою жамандар дайыма ээлик кылышат. Ошондуктан, жамандыктын кетүүсү үчүн жакшылардын мыкты эмгектенүүлөрү керек.

  Ниетибизге жана амалыбызга карообуз керек. «Муну эмне үчүн кылдың?» деген суроо акыретте суралат. Бул суроого даярдануу керек. Мунун жообу эки нерсе: Же Аллах үчүн, же напси үчүн!

 Ислам аалымдарынын китептерин окуп жатканда өзүбүз окуп жаткандай эмес ошол дин улуулары айтып жаткандай окуганыбызды өзүбүз уксак пайдаланабыз.

  Бул өмүр кыял сыяктуу, өткүнчү кыялга алаксып кетпөө керек. Мусулмандар илим үйрөнүүлөрү керек.

  Адам баласы эмне үчүн жаратылгандыгын унутса айбандан бетер абалга түшөт.

Олуя заттарга болгон сүйүү көңүлгө кирсе дүнүйөгө болгон сүйүү ал көңүлдөн чыгып кетет. Адам жакшылыктын шүгүрүн өтөөсү үчүн хубби филлахты табуу менен сыймыкка жетүүсү керек. Бири-бирибиздин көңүлүн оорутуп албайын деп корккондон титирөө керек.

  Көңүлү оорукча эмес адамда бир белги бар, ал белги хубби филлах жана бугди филлах. (Аллахтын жакшы көргөндөрүн жакшы көрүү, жаман көргөндөрүн жаман көрүү)

  Көңүлдөн көңүлгө барчу жол бар. Иш – ошол жолду табуу. Ал жолду тапкан адам Аллах достору менен бирге болот. Түнү да, күндүзү да бирге болот. Шаттыкта да, кайгылуу заманда да, дүнүйөдө да, көрдө да, акыретте да биге болот. Сүйсө биргелик мына ушундай болот!

  Мына бул беш нерсе кишинин бактысынан:

1- Өмүрлүк жолдошунун түшүнүктүү болуусу жана баш ийүүсү.

2- Баласынын элпек жана сый-урматтуу болуусу.

3- Досторунун таза жана чын ниеттүү болуусу.

4- Коңшуларынын жакшы болуусу.

5- Тиричилигинин өз мекенинде болуусу. [Бул жерде өз мекени деген сөз туулган жери деген cөз эмес. Жумушу жакшы болгон, салих достору көп болгон, динин ырахат кармана алган жер дегенди түшүндүрөт.]

  Мына бул алты касиетке ээ болгон аял чындыгында жакшы [салиха] сыпатын тапкан болот.

1- Беш убак намазына маани берүүсү.

2- Күйөөсүн сүйүп, ага баш ийүүсү.

3- Ар иште Аллахтын ыраазылыгына көңүл бөлүүсү.

4- Киши кайраштыруудан жана сөз ташуучулуктан тилин кармоосу.

5- Дүнүйөлүк мал-оокатка карата зухд жана канаатчыл болуусу.

6- Кайгы жана кыйынчылыктарга карата сабырдуулук жана чыдамкайлык көрсөтүүсү.

  Мындай жакшы аял диндин тиреги, үй-бүлө коломтосунун негизи, ибадаттарга карата да колдоочу жана жардамчы. Мунун тескериси болгон аял жакшы аял боло албайт, өзү кубанып күлгөнү менен күйөөсүн кыйратат.

  Олуянын рухтарынан пайдалана алуу үчүн кээ бир шарттар бар:

1- Таануу, билүү: Денесин жана ысымын билүү эмес, муршиди камил экендигин билүү жана кабылдоо.

2- Ишенүү: Ар сөзүнүн жана ишинин Исламиятка шайкеш экендигине ишенүү.

3- Сүйүү: Баш ийүү менен, анын жолунда жүрүү менен болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш