Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Баязид Бистами хазреттериинен насаат




Баязид Бистами хазреттериинен насаат


Улуу олуя Баязыд Бистами хазреттери мындай деген: «Мына бул он нерсе денеге парз:

1- Парздарды кемчиликсиз орундоо, 2- Арам нерселерден сактануу, 3- Аллах үчүн кичи пейил болуу, 4- Мусулман боордошторуна кыйынчылык, жапа чектирүүдөн сактануу, 5- Жакшы кишиге да, жаман кишиге да кайырлуу нерсе тилөө, 6- Аллаху тааланын кечиримин тилөө,  7- Ар иште жана ар жагдайда Аллах ыраазылыгын көздөө, 8- Ачууну, менменсинүүнү, зулумдук жана адилетсиздикти, бири-бирин таарынта турчу даражада күрөшүүнү таштоо, 9- Өз өзүнө насаатчы болуу, напсини тарбиялоого аракет кылуу, 10-Өлүмдү акыйкат деп билип, ага даярдануу.»

  Мына бул үч нерсе денени коргойт:

1- Көздөрдү арамдан жана керексиз нерселерден коргоо, 2- Тилди зикирге көндүрүү, 3- Напсини эсепке тартуу, күнүмдүк тиричиликти ушул өлчөмдө улантуу, 4- Илим үйрөнүү жана үйрөнүлгөн илимди пайдалуу боло тургандай колдонуу, 5- Адеп жана тарбияны ар жерде ар кимге карата сактоо, 6- Денени дүнүйөнүн пайдасыз иштеринен куткарып, дүнүйө жана акырет үчүн пайдалуу иштерде колдонуу, 7- Адамдар менен ашыкча аралашып кетпөө, көңүлдү кубаттандыруу, ойлонуу жөндөмүн тунартуу, зээнди иштетүү үчүн жалгыз болуу, 8- Напси менен алпуруша күрөшүү,9- Көп ибадат кылуу, 10- Пайгамбарыбыздын сүннөтүнө уйуу.

  Мына бул он нерсе дененин ар-намысы:

1- Кичи пейил жана жумшак мүнөздүүлүк, 2- Уяттуулук жана адеп, 3- Илим, 4- Арам жана шектүү нерселерден сактануу, көңүл тынч абалда ибадаттарды катасыз орундоого, дүнүйөнүн шарапатына маани бербөө, 5- Ар бир иште, ташталган ар бир кадамда Аллаху тааладан коркуу, 6- Жакшы мүнөз, 7- Башка түшкөн балээ жана кайгыларды көтөрө билүү, сабырды таяныч кылуу, 8- Эл менен жакшы мамиледе болуу жолдорун, тил табышуу жолдорун үйрөнүү, 9- Ачууга тоскоол болуу, 10- Тиленүүнү таштоо.

  Мына бул он нерсе кишинин материалдык жана руханий түзүлүшүн бузат;

1- Динине маани бербеген киши менен достук куруу, 2- Кайырлуу жана пайдалуу кишилерден бөлүнүп кетүү, алар менен достук курбоо, 3- Напсинин каалоолоруна моюн сунуп артынан жүгүрүү, 4- Исламияттан алыстоо, 5- Динде жок нерселерди динге киргизген кишилер менен отуруп-туруу, 6- Дүнүйө жана акырет үчүн пайдалуу болбогон нерселер менен алек болуу жана ушундай нерселерди каалоо, 7- Адамдар тууралуу жаман ойдо болуу, 8- Башкаларга үстөм болууга умтулуу, 9- Дүнүйөлүк нерселер үчүн кайгыга чөмүлүү, 10- Акыретти ойлонбоо.

  Он нерсе адамгерчиликти өлтүрөт:

1- Тарбиянын аздыгы, 2- Ашыкча билимсиздик, 3- Элден жакшылык күтүү, 4- Кумардын ташкындоосу, наспинин кутуруусу, 5- Башчы болуу арзуусу, 6- Дүнүйөгө зарылдыгынан артык берилүү, 7- Аллаху тааланын алдында напси менен достук куруу, 8- Көп тамактануу, 9- Көп уктоо, 10- Көпчүлүктү ээрчүү.

1- Ачуу жана катуулук, 2- Кекчилдик жана жек көрүү, 3- Менменсинүү, 4- Зулумдук жана адилетсиздик, 5- Туураны моюндабай күрөшүү, 6- Сараңдык, 7- Башка бирине азап жана кайгы тарттыруу, 8- Момун боордошуна урматсыздык, 9- Жаман мүнөз жана жаман тарбия, 10- Ынсапсыздык.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш