Алты насаат


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Хазрети Алиге: «Йа, Али! Алты жүз миң кой тилейт белең же алты жүз миң алтынбы же болбосо алты жүз миң насаатпы?» - деди. Хазрети Али: «Алты жүз миң насаат тилейм», - деди. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз мындай деди: «Мына бул алты насаатка баш ийсең алты жүз миң насаатка баш ийген болосуң:

1 - Ар ким нафил нерселер менен алек болуп жатканда сен парздарды орунда. Башкача айтканда, парздардагы шарттарды, важибдерди, сүннөттөрдү, мустахабдарды орунда!

2 - Ар ким дүнүйө менен алек болуп жатканда сен Аллаху тааланы ойло. Исламга ылайык өмүр сүр. Исламга ылайык табыш тап, Исламга ылайык сарпта.

3 - Ар ким бири-биринин кемчилигин издеп жатканда сен өз кемчилигиңди изде. Өз кемчиликтериң менен алек бол!

4 - Ар ким дүнүйөсүн куруп жатканда сен диниңди кур, диниңди кооздо.

5 - Ар ким элге жакындоонун жолун издеп жатканда, элдин ыраазылыгын көздөп жатканда сен Хактын ыраазылыгын көздө. Аллаху таалага жакындата турчу себептерди изде!

6 - Ар ким көп амал кылып жатканда сен амалыңдын көп болуусуна эмес ыкыластуу болуусуна көңүл бөл!»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш