Баарыбыз күбө болуп жаткандай медицина илими баш
тегереткен ылдамдык менен өнүгүүдө, күн сайын жаңы дарылар, жаңы дарылоо
методдору ачылууда. Киши органын алмаштыруу эми катардагы иш болуп, жада калса,
жүрөк, боор алмаштырылууда. Бул өнүгүүлөрдүн баарына карабастан өлүмгө эч бир
чара табылган жок, дүнүйөнүн эң заманбап ооруканаларынан да жаназалар биринен
сала бири чыгып жатат. Андай болсо өмүрүбүздү узартуу мүмкүнбү? Бул суроого
минтип жооп берүүгө болот: «Дүнүйөдө жашоодогу максат – акыретти куткаруу,
түбөлүк бакытка жетүү. Эң маанилүү маселебиз кыяматта амалдарыбыз тартыла турчу
таразанын жакшылык тарабын оор салмактуу кылуу.» Адам баласы өлгөндө мына бул
үч топтогу адамдардан башкалардын амал дептерлери жабылат. Алардын амал
дептерлери жабылбайт. Алар өлсө дагы жашоосун уланткан, көрүндө жатса дагы сооп
тапкан бактылуу адамдар:
Биринчиси - садакаи
жария, б.а., адамдар пайдалана турчу курулуштарды жасаткандар. Мечит, Курани
карим курсу, оорукана, жол, көпүрө сыяктуу...
Экинчиси - илим
үйрөткөндөр, окуучу тарбиялап өстүргөндөр, пайдалуу китеп жазгандар. Бул
окуучулары дагы окуучу тарбиялаган сайын, китептер окулган сайын аны жазган
адамдын дептерине сооп жазылат. Төрт мазхаб имамыбыз, акаидде эки имамыбыз жана
Имам Газали, Имам Раббани хазреттери сыяктуу. Булар бизди жана биз сыяктуу
миллиондогон адамдарды али күнгө чейин окутушууда жана дуба алышууда.
Үчүнчүсү - өзүнүн
артында жакшы перзент калтыргандар. Балдарыбыз бизден кийин биздин өмүрүбүздү
улантышат, ошондуктан, алардын тарбия алып өсүүлөрүнө абдан чоң маани берүүбүз
керек. Жакшы перзент соопторубузду көбөйткөндүгү сыяктуу эле жаман перзент дагы
күнөөлөрүбүздү көбөйтөт. Бир ата баласына он беш жашына чейин динин үйрөтпөгөн,
кантип ибадат кылына тургандыгын түшүндүрбөгөн, арам нерселер эмнелер экендигин
таанытпаган болсо ал баланын өмүр бою кыла турчу бүткүл күнөөлөрү да анын күнөө
дептерине жазылат. Өлгөндө күнөөлөрү да токтоп, күнөө кылбаган киши – бактылуу
киши.
Балдарыбызды келечекке даярдоодо алардын бул
дүйнөдөгү саналуу дүнүйөлүк өмүрүн гана ойлобообуз керек, кандай болгон күндө
да бул өмүр өтөт. Дүнүйөнүн кубанычы да, кайгысы да баары өткүнчү, кыял сыяктуу
кыска. «Адамдар уйкуда, өлгөндө
ойгонушат» деген сөз кандай жакшы айтылган.
Киши түшүндө түш көрүп жаткандыгын байкабайт.
Ойгонгондо гана бул көргөн нерселеринин түш экендигин түшүнөт. «Көрсө булар
түшүм турбайбы» - дейт. Дүнүйөдөгү өмүрүбүздүн дагы чыныгы жашоо эмес экендигин
өлгөн кезде гана түшүнөбүз...