Көралбастык


Көралбастык -  көңүл ооруларынын бири. Көңүл оорулары бир гана илим жана амал менен дарыланат. Көралбастыктын зыяны адамдын өзүнө, көралбастык кылынган адамга бир да зыяны жок. Көралбастык аркылуу Аллаху тааланын бөлүштүрүүсүнө нааразы болуп, Анын адилетине жинденгендик болот. Бул тавхиддин негизине каршы нерсе. Оттун отунду күйгүзүп жок кылганындай көралбастык да амалдарды жок кылат.

Сен көралбастык кылган сайын ичиңде бир от күйөт, өзүңдү-өзүң кыйнай баштайсын, куруйсуң. Көралбастык кылынгандын нематын Аллаху таала арттырат. Анын нематы арткан сайын сенин дагы ооруң күчөйөт, ого бетер кыйнала бересиң. Көңүлүң чөгөт, уйкуң качат жана бул оору өлүмгө чейин алып барат. Ансыз деле душмандын каалаганы ушул. Сен анын бактысыздыгын каалап жатканыңд өзүң бактысыздыкка дуушар болгон болосуң. Ушуну менен бирге сенин көралбастыгыңдын анын колундагы нематка эч бир таасири болбойт.  Жада калса, Акыретте сени кыйынчылыкка дуушар кыла тургандыгы үчүн көралбастыктан баш тартуу керек. Анткени, бул эч кандай пайдасы болбогон бир кайгы. Аллаху тааланын каарына учуроого аракет кылуудан да жаманыраак эмне болушу мүмкүн?

Көралбастык кылуу менен эч кимге эч бир зыян тийгизе албайсың. Эмне имиш, анын машинеси сенин машиңен жакшыраак имиш. Анын үйү чоңураак жана жакшыраак райондо имиш... Эмне болмок эле, сенин көралбастыгың Аллаху тааланын ага тагдыр кылган нематына кедерги боло алабы? Бул мүмкүн эмес... Эгер сенин көралбастыгың аркылуу анын нематы жок болот деп ойлой турган болсон, бул даана акылсыздык. Себеби, эгер нематтар көралбастык менен жок болгондо, эч кимде эч бир немат, жада калса, ыйман нематы да калмак эмес.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш