Ачууланба


Ачууланбаган (нервденбеген) адам болбойт. Бирөөндө аз болот, бирөөлөрдө көп болот. Ачуу дагы бычак сыяктуу. Жакшы иштерде колдонулса пайдалуу, жаман иштерде колдонулса зыяндуу болот. Адам баласындагы бардык мүнөздөр ушундай. Кеми да, көбү да зыяндуу.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам насаат сураган бирөөнө: «Ачууланба!» - деп буюрду. Бир канча жолу сураганда: «Ачууланба!» - деди. (Бухари)

Ачуулануу ашыкча болсо башка бирине зыяндуу болот, бул абал ыймандын кетүүсүнө себепчи болот. Хадиси шарифте: «Ачуу ыйманды бузат», - деп буюрулду. (Байхаки)

Шажаат – орто жолду кармануу. Шажаат маалындагы ачуу жакшы. Имам Шафии хазреттери: «Шажаат керек болгон жерде коркоктук көрсөткөн адам эшекке окшойт», - деген.

Исламга, мусулмандарга кол салгандарга катуу болуу керек. Бирок, өзүн коркунучка түртүү дагы жаиз эмес. Коркунучтуу жерде жалгыз калуу, жалгыз басуу күнөө. Душмандарга карата коркоктук жаиз эмес. Коркуп качуу Аллаху тааланын тагдырын өзгөртпөйт. Коркок адам аялына, кызына карата бошоңдук көрсөтөт, аларды коргой албайт. Пастыкка, зулумдукка моюн сунат, кыянаттык кылган бирөөнү көрсө унчукпай коёт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш