Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Достордун эки белгиси




Достордун эки белгиси


Даанышман заттар мындай дешкен:

Аллаху тааланын досторунун эки белгиси бар. Бул белгилерди карап анын Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болуп болбогондугу белгилүү болот.

Биринчиси: Алар Аллах үчүн жашайт, Аллах үчүн сүйлөйт. Кылган ар бир иши Аллах ыраазылыгы үчүн. Алар Аллаху тааланын буйруктары жана тыюу салган нерселери үчүн бар.

Экинчиси: Аллаху тааланын сыпаттары менен сыпаттанышкан. Мисалы, Аллаху тааланын сыпаттарынан бири – рахмат. Диндүү-динсиз, жандуу-жансыз, ааламда эмне бар болсо баарында Жанабы Хактын мээрими, ырайымы бар. Бул кишилер дагы Аллаху тааланын бул мээрим, рахмат сыпаты менен сыпаттанышкандыктан эч качан, эч бир жандууга зыян беришпейт, өч алышпайт. Бирок, алардын кылычтары өтө өткүр, кагазды да кесет. Кылычтарына урунуп албоо керек. Жанабы Хакка өтө жакындагандыктары үчүн, Анда фани болгондуктары үчүн (Аллаху тааланын хузурунда өздөрүн жок билгендиктери үчүн) ал улуу кудурет ээсинин кудурети менен жүрүшөт. Аллах бизди ал катага түшүүдөн сактасын!

Мавлана Халид Багдади хазреттеринин бир шакирти бир ката кылып, устазынын көңүлүн калтырган эле. Жүз миң түрдүү кечирим сураганына карабай Мавлана хазреттери мындай деди: «Менден кечирим тилегениң жетиштүү деп ойлойсуңбу? Менин көңүлүм сынганда менин устазымдын, анын устазынын, кийин анын да устазынын ошентип отуруп баарынын көңүлү сынган, эми кайсы бирин таап кечирим сурамакчысың?

Өтө кооптуу! Эмне иш кылсак кылалы, бирок, урмат-сыйдан, адептен артта калбайлы. Себеби, бул жол ушундай бир назик жол, тасаввуфтун (олуялыктын) туу чокусуна жетсек да, илимдин туу чокусуна жетсек да улуу заттарга карата бир урматсыз кыймыл-аракет жасасак булардын баары колубуздан чыгат.

Адеп илимдин башы болгондой эле ортосу дагы, акыры дагы. Адеп өз чегин билүү, чектен ашпоо болуп саналат. Үй-бүлөдө, коомдо ар кимдин бир чеги бар. Бүткүл кыйынчылык менен келишпестиктер мына ошол чектен чыгуудан улам пайда болууда. Ар ким өз чегин билип, андан ашпаса, мисалы үйдүн аялы да, эркеги да өз чегин билип ошого карай өмүр сүрсө ал үй Жаннат сымал болот. Жаннаттай болгон үйдөн акыретке кеткендер дагы албетте Жаннатка барышат. Ар бир нерседе динибиз кандай буйрук кылган болсо ошону үйрөнүп, ошого карата кыймылдаган киши чегин билген, чегинен ашпаган болот. Ошондо уруш-талаш да, ынтымаксыздык да, согуштар да болбойт. Дүнүйө гүл бакчага айланмакчы. Ар бир кишинин өз чегин динибиз билдирген. Чегин бузуп башка бирөөнүн чегине аттап кирбөө керек! Натыйжада маңдайыбыздагы киши дагы Аллах жараткан бир адам, ал дагы Аллахтын кулу, көңүлүн сындырбайлы. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) буюрду:

«Махшарда күн бир найза бою төмөндөгөн кезде жети топтогу адам Арштын астында көлөкөлөнөт. Алардан бири – момундун жүзүн сүйүү менен, махаббат менен караган адамдар.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш