Даанышман заттар мындай дешкен:
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва
саллам): «Шайтан бир жамияттын, бир
жамааттын ичине кире албайт», - деп буюрууда. Аллаху таала туура жолдо
болгон бир жамияттын ичине шайтандын кирүүсүнө тыюу салган. Салих бир жамияттын
ичине шайтан кире албайт. Аларды буза албайт, себеби, баары бир нерсени
ойлошот, максаттары, ой-санаалары бирдей. Бирок, сыртта калган кишинин же
өзгөчөлөнүп ой жүгүрткөн, көңүлү, ой-санаасы менен бул жамияттын ичинде
болбогон кишинин көңүлүнө васваса бере баштайт, «Сеники туура, булар ансыз деле
бузулган» деп аны жана ага ишенгендерди балээге карай жетелейт. Дагы
Пайгамбарыбыз: «Үйүрдөн айрылган койду
бөрү жейт. Адамдын карышкыры болсо - шайтан», - деп буюрууда. Башкача
айтканда, ал жамияттан бөтөнчө сүйлөө, бөтөнчө ойлонуу, бөтөнчө сезимде болуу –
бул шайтанга жем болуу. Ой-санаасы башкача, бөтөнчө ойлонгон адам акыры ал
адамдардын ойлоруна, кылган иштерине карата сын-пикир, каршылык көрсөтө
баштайт. Каршылык көрсөтүп эле тим калбайт, бул сапар бир нече убакыт өткөндө
атүгүл өмүр бою шүгүрүн өтөй алгыс ошол эшикке, ошол мубарек адамдарга карата
душманга айланат. Кеги, жек көрүүсү ушунчалык көбөйүп, акыры бул душмандыгы дин
душмандыгына айланат.
Мажнун бир күнү анык чечим чыгарат да, «Лейланы
көргөнгө кеттим», - дейт. Төөсүн токунуп жолго чыгат. Лейланын айылына карай
салат, бирок, кашайып бул төөсү үч күн мурда тууган болот. Кантет, бул Мажнун
эмеспи, жолго чыгар замат зикир менен алек болот. Төөсү болсо Мажнундун зикир
менен алек болуп келатканын байкап шек алдырбастан артка карай жаңы туулган
ботосунун жанына келет. Зикир менен кетип бараткан Мажнун далай убакыт өтүп
өзүнө келип: «Кызык, мен каякка келип калдым», - деп таңыркайт. «Ээ Кудай, ошол эле жерде экенмин го, бул жерде бир
кызык иш бар, береги биз башка жолго түшүп алган окшойбуз», - деп төөсүн
кайрадан Лейланын айылын көздөй салат.
Бир нече убакыт өткөн соң кайрадан зикир менен
алек болот. Төө кайра мунун зикирге кирип кеткенин байкап, сездирбестен бурулуп
ботосунун жанына келет. Мажнун бир канча убакыттан кийин өзүнө келгенде: «Каерге
жеттик экен, Мажнундун айылына келдикпи же жокпу?» - деп айланасына көз
чаптырат. Караса дагы эле баягы жер, «Бул иште бир кызык жагдай бар» - дейт.
Төөнүн чылбырын кайда салбасын айланып-тегеренип баягы эле ботосуна келет.
Ошондо иштин чоо-жайын түшүнгөн Мажнун төөсүн карап: «Сен өз сүйүүң менен, мен
өз сүйүүм менен күйүүдөмүн. Сен экөөбүз бир жерде боло албайбыз. Сен ботоңо
ашык болдуң, мен болсо Лейлага. Андай болсо сени менен түшүнүшө албайбыз, андан
көрө мен жөө кетейин», - дейт да жалгыз жолго чыгат.
Демек, ой-санаасы башка-башка болгон адамдар бир
максаттын тегерегинде биригүүлөрү мүмкүн эмес.