- Чыныгы
ыйманга ээ болуу үчүн пардарды адеп
менен кылуу, адал тамак жеш, арамдан сактануу жана буларды өлгөнгө чейин
улантуу керек.
- Көптөгөн жамандыктын
ачкычы – ачуулануу.
- Жумшактык – сүр жана
оор басырыктуулук. Ачуулануу болсо оройлукка, катуулукка жол ачат.
- Башка бирөөнө жүк
болгон адам адамдардын көзүндө төмөндөйт, кадыры калбай.
- Аткарылбаган жана
орундалбаган сөздө жакшылык жок.
- Даанышмандык он бөлүк.
Мунун тогусу - унчупоо.
- Намаз окуу, Куран
окуу, дин илимдерин үйрөтүү жана үйрөнүү – зикир. Ар бир жакшы иш – зикир.
- Момунда ыклас жана
өкүнүү бар болсо Аллаху таала анын бардык күнөөлөрүн кечирет.
- Душмандарыңар менен
отуруп-турган адам силердин досуңар боло албайт.
- Төрт нерсе ибадаттан:
Дааратсыз жүрбөө, көп сажда кылуу, көңүлү мечитте болуу жана Курани карим көп
окуу.
- Өзүнө парз болгон
илимди үйрөнүү бүткүл табыштардан жакшы. Бардык адамдар үчүн илим үйрөнүүдөн да
жакшы нерсе жок.
- Дини бүтүн жана оор
басырыктуу болгула. Себеби, мындай болгон адам жаман, акылга сыйбаган
нерселерден алыс турат.
- Оозуңа даам салган
адам менен желкеңе камчы салган адамдын арасында ажырым көрсөң ыйманың кемелге
жете элек экенин билдирет.
- Эң жакшы насаат – сени
Аллаху таалага умтулканы.
- Шүгүр – бүткүл
жакшылыктардын Аллаху тааладан келгендигин түшүнүү.
- Ибрахим
алейхиссаламдын атагы Хак тааланын душмандарынан алыс болгондугун үчүн бийик
болгон.
- Аллах сүйүүсү – бардык
жакшылык жана үстөмдүктүн негизи.
- Ким Жаннатты сүйсө
Жаханнамдан качат.