Күнөөлөр Кабаир (чоң күнөөлөр) жана сагаир (кичине
күнөөлөр) деп экиге бөлүнөт. Кээ бир абалдарда кичине күнөөлөр чоң күнөөгө
айланат. Көңүл бөлүнбөсө коркунуч коңгуроосу кагылууда дегенди билдирет.
Булардын бир бөлүгү төмөндө жазылган:
*Кичине болсо да күнөө кылууда көшөрүү, дайыма кылуу; «Тамчы тама берип ташты жарат», - деген
сөз бар. Кайталанбаган чоң күнөөнүн кечирилүүсү дайыма кылынган кичине күнөөнүн
кечирилүүсүнөн көбүрөөк үмүттүү. Бир таштын үстүнө өтө көп суу төгүлсө ташта из
калтырбастан агып кетет. Ошол эле суу ошол таш үстүнө тамчылап агызылса из
калтырат.
*Кичине күнөөнү кичине деп маани бербөө; Адамдар күнөөсүн чоң деп көргөн сайын Аллаху
таала аны кичирейтет, кичине деп көрө турган болсо аны чоңойтот. Хадиси шарифте
мындай деп буюрулду: «Момун күнөөсүн
башынын үстүнө асылган бир тоо сыяктуу көрүп, үстүнө кулай тургандыгынан
коркот. Мунафык болсо аны мурдуна конгон бир чымындай кичине көрүп, бир дыбыш
мене учура ала тургандыгын ойлойт.»
Күнөөнүн кичине жана чоңдугун ойлонуудан мурда
кимге карата кылынгандыгын эсептөө керек.
*Кылган күнөөлөрүн башкаларга айтуу; Ушундайча ошол эле күнөөнү башкалардын да
кылуусуна себеп болуу. Аны угуп турган кишилердин мындай күнөөнү кылууга
ниеттери жок болсо да аларды үндөө дал ошол күнөөнү кылгандык болуп саналат.
Бир ишке себепчи болуу аны кылуу болуп саналат. Жакшы болсо жакшы, жаман болсо
жаман.
*Өрнөктүү болгон, эл арасында кадыр тапкан кишилер кылган күнөөлөр кичине
болсо да чоң деп эсептелет; Илим ээси, ажы жана карыган адамдар калган адамдар аларды көрүп өрнөк
алган адамдар болуп саналышат. Алардан чыккан күнөөлөрдү башкалар өтө жеңил
кылышат. Атүгүл, андан да чоңун кылуунун зыяны жок деп эсептешет. «Эгер ал киши
мындай кылып жаткан болсо мен эмнеге кылбайын, жаман болсо мындай кадырлуу киши
аны кылмак эмес», - деп ал күнөөнү эч кенебестен, кысылбастан-тартынбастан
күнөө баткагына малынат.
*Аллаху тааланын азабынан коркпой ишеничтүү болуу; «Раббим мага азап бербейт, Жаннатында мага жер
болбой койчу беле!» - деп, күнөө кылууну улантуу. Жаханнамында да жер көп.
Бирок, ал киши аны ойлобойт.
*Аллаху тааланын мээриминен үмүтүн үзүү; «Ошончо көп күнөө кылдым, эми азаптан кутулуум
мүмкүн эмес!» деген ойдо болуу – турушу менен чоң күнөө. Момунга жараша турчу
нерсе – «Хавф жана Ража» менен жашоо
(б.а., коркуу менен үмүттүн ортосунда жашоо). Күнөөсү канчалык чоң болсо болсун
Раббинин магфиратынан (кечириминен) үмүт үзбөө жана азабы тийбейт деп ишенимдүү
жүрбөө.
Хазрети Али радыяллаху анх көп күнөө кылып үмүтүн
жоготкон бир адамга жолугат. Андан сурайт:
-Эмне үчүн минтип акылынан адашкан адамдай чөлдү
кыдырып жүрөсүң? Ал киши болсо өтө күнөөкөр экендигин айтып берет. Ошондо
Хазрети Али «радыяллаху анх» ага мындай деп жооп берди:
-Сенин күнөөң канчалык көп болсо да Раббибиздин мээриминен
да көп боло албайт!..