Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жакшылыктардын башы – досторду сүйүү, душмандарды сүйбөө




Жакшылыктардын башы – досторду сүйүү, душмандарды сүйбөө


Суроо: Аллаху тааланын Пайгамбарына уюумайынча Аллаху тааланын ыраазылыгына жетүү мүмкүн болобу? Расулуллах алейхиссаламды жана анын сүйгөндөрүн сүйбөстөн Аллаху тааланы сүйүүгө болобу?

Жооп: Улуу Ислам аалымы, Олуялардын баш таажысы, заманынын кутбу, каййум-и раббани  Мухаммед Масум Фаруки Серхенди (рахметуллахи алейх) хазреттери Мактубат китебинин биринчи том, жыйырма экинчи мактубунда (катында) мындай деген:

"Балам! Кыямат жакындады. Зулумдуктар, көңүлдөрдү карайткан нерселер көбөйдү. Ар ким бул караңгы агымдарга жетеленүүдө. Мындай заманда бир сүннөттү ортого чыгара турчу жана бир бидатты жок кыла турчу бир баатыр керек. Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) сүннөттөрүнүн нурлары менен нурданмайын туура жолго жетип болбойт. Ал улуу Пайгамбардын изинде болмоюнча балээлерден кутулууга алпурушуу бекерге. Аллаху тааланын сүйүктүү Пайгамбарына моюн сунмайын тасавву жолунда илгерилөө жана Аллаху тааланы сүйүү бактысы колго тийбейт. Ал-и Имран сүрөсүнүн отуз биринчи аятында: «Аллаху тааланы сүйсөңөр мага баш ийгиле! Мага баш ийгендерди Аллах сүйөт!» - деген мааниде буюрулган. Аллаху таала ушунай деп айтуусун эмир буюрууда. Саадатка жетүүнү каалаган адам бардык адаттарында, ибадаттарында, алышып-беришүүдө Ал сыяктуу болууга аркет кылууга тийиш. Бул дүнүйөдө бир адамдын сүйгөнүнө окшоого аракет кылгандар бул адамга сүйүктүү жана жагымдуу көрүнүшөт. Бул адам аларды да өтө сүйөт, жактырат. Ушул сыяктуу сүйүктүүнү сүйгөндөр ар дайым сүйүлөт. Сүйүктүүнүн душмандары сүйгөнгө да душман болушат. Ошондуктан, көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык жакшылыктар, бардык үстөмдүктөр бир гана ошол улуу Пайгамбарды сүйүү менен колго тийет (алейхи ва ала алихиссалату вассалам). Көтөрүлө алуунун, илгерилөөнүүн өлчөмү – ушул сүйүү. Аллаху таала сүйүктүү Пайгамбарын адамдардын эң сулуусу, эң жакшысы кылып жаратты. Ар жакшылыкты, ар көркөмдүктү, ар үстөмдүктү Анда жыйнады. Асхабы кирамдын бардыгы Ага ашык эле. Баарынын жүрөгү Анын сүйүүсү менен жанчу. Анын ай жүзүн, нур чачкан жамалын көрүүлөрү лаззаттардын эң жакшысы эле. Анын сүйүүсү жолунда жандарын, малдарын курман кылышты. Аны жандарынан, малдарынан, кыскасы, бардык сүйүлгөн нерселерден да артык сүйүштү. Аны ашыкча сүйгөндүктөрүнөн Аны сүйгөндөрдү да сүйүштү. Ошон үчүн бири-бирилерин да бекем сүйүштү. Анын үстөмдүгүн түшүнө албай, Анын сулуулугун көрө албай, Аны сүйүү саадатына жете албагандарга душман болушту. Себеби, тааттардын, жакшылыктардын башы - досторду сүйүү жана душмандарды сүйбөө. Аллахты сүйөмүн дегендердин асхабы кирам сыяктуу болуулары зарыл. Сүйгөн бир адам сүйгөнүнүн сүйгөндөрүн да сүйөт. Сүйгөнүнүн душмандарына душман болот. Бул сүйүү жана душмандык бир адамдын колунда эмес. Өзүнөн пайда болот. Бир адам сүйүүсүндө жана душмандыгында жинди сыяктуу. Ушундан улам: "Бир адамга жинди деп айтылмайынча ал адамдын ыйманы толук болбойт!” - деп буюрулган. Өзүндө бул жиндилик жок болгондор сүйүудөн алыс. Душмандык кылмайынча достук болбойт! Сүйөм деп айта алуу үчүн сүйүктүүнүн душманына душман болуу керек. Сөзүбүз туура эмес түшүнүлбөсүн! Асхабы кирамга  душмандык кылуу ошон үчүн деп эсептелбесин!”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш