Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жаннатты жакшы көрсөң өлүмдү да жакшы көрүүң керек




Жаннатты жакшы көрсөң өлүмдү да жакшы көрүүң керек


Адамдар өтө узун өмүрлүү болууну каалашат, бул үчүн нечен аракет жумшап, дуба кылышат. Жашоо шарттары канчалык кыйын болсо да баарыбыз жашоодон ыраазыбыз.

Динибиз дагы узун өмүрлүү болууну немат (жакшылык) деп кабыл кылууда. Хадиси шарифте мындай делген: «Адамдардын эң кайырлуусу – өмүрү узун, амалы салих болгону!»

Жакшы амал менен жашабай турган болсо узун өмүр жамандык болот! Ал дагы хадиси шарифте мындайча ачыкталган: «Адамдардын эң жаманы – өмүрү узун, амалы жаман болгону!» Жаман амал менен жашаган киши тирүүлүгү уланган сайын күнөөлөрүн көбөйтөт. Башта өзүнө, туугандарына жана элине зыян берет. Мындайлардын кыска өмүрлүү болуулары ар тараптан караганда жакшыраак.

Дүнүйөнүн өзү дагы бир караганда жаман. Ичинде жашап аткандарды алдаган, акыретти унуттурган, жаханнамга кеткен бир жолго айланткан болсо бул жамандык.

Дүнүйөнүн жакшы жактары да көп. Пайгамбарлар намаз окуган, ибадат кылган жер. Периштелер зыярат кылган жерлер... Раббибизди ушул жерде таанып, Ага жалбаруунун даамын ушул жерде сезүүдөбүз.

Хазрети Али радыяллаху анх мындай деген: «Бала кезде өлүп, Жаннаттын эң бийик макамдарына чыгууну каалабайм. Ал кезде Раббимди тааныбаган болор элем!»

Макхули Дымышки бир досунан: «Жаннатты жакшы көрөсүңбү?» - деп сурайт. Ал болсо: «Ким жакшы көрбөсүн?» деп жооп бергенде: «Андай болсо өлүмдү да жакшы көрүүң керек, себеби, өлбөй туруп Жаннатка кирилбейт. Жаннаттын жолу өлүмдөн өтөт» - деди.

Жаннаттын жолу дүнүйөдөн өтөт. Дүнүйөгө келбестен Жаннатка кирүү адамдар үчүн мүмкүн эмес.

Дүнүйөдөгү жакшылыктар өткүнчү. Бирок, түбөлүк жакшылыктарга жеткирет. Ошондуктан дагы өтө баалуу.

Бүткүл дүнүйөгө ээ болгондордун бири – Сулайман алейхиссалам. Эч кимге насип болбогон салтанат ага берилген. Адамдар, жиндер, жаныбарлар, шамал, баары анын буйругу астында эле. Бир күнү бир жерден келе жатканда адамдар анын оң тарабында жан жөкөр болуп, жиндер болсо сол тарабында. Күндөн калкалаш үчүн куштар канатын керип, ушинтип бара жатышканда бир кишиге жолугушат. Ал киши ага мындай дейт:

-Эй, Давуддун уулу! Жанабы Хак сага кандай чоң салтанат ихсан кылыптыр, эч кимге бербеген нерсени сага бериптир.

Сулайман алейхиссалам мындайча жооп берет:

-Бизге берилген бул салтанат бир «субханаллах» дегенчелик баалуу эмес. Себеби, бул салтанат өткүнчү. «Субханаллах» деп айтуу болсо калуучу. Өткүнчү жана убактылуу нерселер менен түбөлүк жана калуучу нерселерди салыштырууга болобу?

Ибрахим алейхиссалам дагы: «Мен баткан нерселерди сүйбөймүн», - деген. Чындыгында эле Сулайман алейхиссаламдын салтанаты өткүнчү эле жана бүттү. Кандай жакшы айтылган: «Сулаймандын салтанат тагы орногон жерде азыр шамал согуп турат.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш