Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адамды айбандан айырмалаган - адеби




Адамды айбандан айырмалаган - адеби


*Момун күн сыяктуу. Саргайып, соолуп барып батат, бирок, чыкканда (акыретте) көз талаштырат.

*Адамды айбандан айырмалаган нерсе – адеп.

*Адеп – бул чегин сактоо, андан чыкпоо. Эң чоң адеп болсо – илахий чекти сактоо.

*Асхабы кирамга урмат көрсөтпөгөн адам Мухаммед алейхиссаламга ыйман келтирген болбойт.

*Каерге таандыксың дегенге Имам Азамга деп айтуу керек же өзү таандык болгон мазхабды айтуу керек! Эч бир жерге таандык эмесмин дебөө керек.

*Келип турган агымдын үзүлүп калбоосуна көңүл бөлгүлө. Зымдын арасын ачпагыла. Агым келип жатат, бирок, автомат таштап жиберип жаткан болсо ортого напси аралашып жатат деген сөз. Напси кайсы аралыкка кирсе агым токтойт. Напсиңерди ортодон тартсаңар зымдар күчтөнөт. Олуялардын ийгиликтеринин себеби – келип жаткан агымдын арасына кирбестен өздөрүн бош кылуулары.

*Эки сөз бар, айтылуусу жеңил, кыямат күнү сооп өтө оор. Бул эки сөз: Субханаллахи ва бихамдихи, субханаллахил азим.

*Өлүмдүн ачуусу жетимиш жолу кылыч менен кесүүдөн артык, бул баарына болот. Бирок, Аллаху таала сүйгөн кулдарына муну сездирбейт. Өлүм ачуусу болсо кабыр азабынын жанында эч нерсе эмес. Ал эми кабыр азабы болсо махшар азабынын жанында эч нерсе эмес. Жаханнам азабы андан да катуу.

*Дин боордошуңун бир муктаждыгын камсыздооң бир жыл нафил ибадат кылууңан да маанилүү.

*Адамдардын эң төмөнү – дин кылыгы менен дүнүйө пайдасын ойлогон адам.

*Илимде сараңдык кылган кишиге Аллаху таала үч балээ берет: Же өлөт илими кетет. Же унутат же өзүнө илимди унуттура турчу бирөө менен достук курат, ушундайча илими кетет.

*Бир аалымдын сактануусу керек болгон эң маанилүү нерсе: Аллаху тааланын харам кылган нерселеринен узак туруусу жана дүнүйөгө көңүл байлабоосу.

*Адамдын эң чоң жарасы – дүнүйөгө болгон сүйүүсү.

*Ыйманы болгондорго жана ибадатын ихлас менен орундагандарга сүйүнчүлөр болсун, бир тыйындык дүнүйөгө ибадатын алмаштыргандарга убал болсун.

*Аллаху тааланын ар бир буйругунда сөзсүз напсини сындыруу пайы бар.

*Кээ бир жерлерде мен бул ишти түшүнбөйм деш керек. Себеби, адамга кээ бир жамандыктар өзүнө ишенүүсүнөн, сулуулугунан, байлыгынан келет.

*Эмр-и маруф кылуу ар мусулманга парз. Муну алгач өз насинен баштоо керек.

*Адам душманын жакшы таануусу керек. Эң чоң душман – адамдын напси.

*Эмирге баш ийүү важиб. Баш ийилбесе, каршы чыгылса Аллаху таала бирген нематын кайра алат.

*Бул дүнүйөгө башчы же кызматчы болуу үчүн келбедик. Башчылык эмес кызматчы болуу заманы. Напсибиздин арзуусу үчүн башчылыктан Аллах бизди коргосун. Башыңарда турган амирге ичиңерде же тилиңерде бир душмандык бар болсо, мунун силер үчүн бир балээ экендигин билгиле. Натыйжада Жанабы Хак силерди бул нематтан куру калтырат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш