Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эгер дүнүйөнүн бир жыты болгондо




Эгер дүнүйөнүн бир жыты болгондо


Даанышман заттар мындай дешкен:

Бир нерсени таануу үчүн илимдин жана көрүүдөн сырткары анын даамын татуу, жыттоо же кармап көрүү керек. Эгер дүнүйөнүн бир жыты болгондо ага ашык болуп жыттагандар эсинен танып, өлүм учурунда гана эсине келишмек.

Ыйык Рамазанда бир бет Курани карим окуганга 10 нафил ажылык сообу бар.

Акыркы демде «Аллах» деген сөздүн ордуна «куткар доктур» деп айтуу ишинин бүткөндүгүнүн белгиси.

Адам баласы же акылына, же напсине же Имам Раббани хазреттери сыяктуу бир дин улугуна өзүн тапшырат. Улууларга өзүн тапшырып кутулуу керек. Өзүн тапшыргандан кийин акылга уюу болбойт. Же кемеге отуруу керек, отурган соң кемени башкарган капитанга өзүн тапшыруу керек!

Бул дүнүйөдө алданган адам бололу, бирок, алдаган эмес. Мен акылуумун дебейли, мен акысызмын дейли. Мен акылуумун деп акыретке калтырсак акысыз чыгышыбыз мүмкүн. Бул дүнүйөдө ар ким менен адалдашалы, кечиришели. Сен акылуусуң деп ырахат бололу. Ишибизди акыретке калтыруудан сактаналы. Бир адам пайгамбарлардын ибадатын орундаса, адалдашуу же өтөө аркылуу кул акысынан кутулмайынча Жаннатка кире албайт.

Диндүү динсиз ар кимге дайым жакшылык кылалы. Эч жакшылык кыла албасак күлөр жүздүү, таттуу сөздүү бололу. Таттуу тил менен күлөр жүз бизди коргогон, ошол эле учурда душманыбызга дагы зыян бербеген, тескерисинче, аны ырахаттандырган өтө жакшы мүнөз.

Бир жерде болгон, чыныгы аалымга уюуган адам бардык жакка жетет. Ар жерде болуп, баарынан пайдаланайын деген адам болсо чачырап жок болот.

Мына бул үч өзгөчөлүк улуулар тарабынан абдан жактырылган:

1-Намазды аксатпоо,

2-Эне дубасын алуу,

3-Мээримдүү жана жоомарт болуу.

Мээрим жоомарттыктан, жоомарттык болсо туулгандан келет.

Бир адамдын келип бир досун даттануусу улуулардын эң жактырбаган нерселерден бири.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Миражда үммөтүм дегендиги үчүн күфүргө түшпөгөн бидат ахли дагы Жаханнамга кирип, кийин Жаннатка киришет.

Бул дүнүйө акыреттин талаасы. Тигил жакта оруп алуу үчүн бир нерсе эгилүүсү керек. Эгер бул талаага берилген урук эгилбесе, урук желип же курутулса акыретте колго эч нерсе тийбейт, оруп жыйнап ала турчу нерсе болбойт. Бул дүнүйө талаа. Уругу эмне? Аллаху таала берген илим, күч кубат, ден-соолук, ыйман, ихлас. Бекерге сарптабастан буларды бул талаага эккен адам акыретте бирге миң, жүз миң, беш жүз миң, канчалык берилсе ошончолук жемишин алат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш