Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Тозоктун эң сасык жери




Тозоктун эң сасык жери


* Өзүн болгонунан артыкча көрсөткөн адам өз абалын жокко чыгарган болот.

* Адамдар кедей болуудан коркуп дүнүйөлүк үчүн эмгектенишкендей, Тозоктон коркуп андан коргонуу үчүн эмгектенишкенде сөзсүз Жаннатка барышмак.

* Адамдар зарылдык деп тамак-аш табуунун артынан жүгүрүшөт. Бирок, негизги зарылдык – күнөөлөрдөн сактануу. Бирок, көбү мындан сактанбай тамактын артынан жүгүрүшөт.

* Чынчыл дос досунун кемчиликтерин көргөндө жашырат, ашкерелебейт.

*Гафилдерден, жахилдерден жана кошоматчылардан узак тур!

* Орозо кармоо – Аллаху тааланын сыпаты менен сыпаттануу. Себеби, Аллаху таала жеп-ичүүдөн муназзах.

* Бир адам бир ниматка жетип мунун шүгүрүн өтөбөсө, ал нимат колунан чыгат да, ал адамдын мындан кабары дагы болбойт.

* Мына бул үч нерсе Аллаху тааланы өтө капалантат: 1- Убакытты бошко өткөрүү, 2- Адамдарды макзактоо, 3- Гыйбат кылуу.

* Тозоктун эң сасык жыттанган жери  - зина кылгандар болгон бөлүгү!

*Аллахтан башка эмнеге табынсаңар баары эч. Эч менен бирге болгон адамга убал болсун.

* Бир нерсеге муктаждык туюлса дагы эмгектенип аны камсыздабоо, бала-бакыраны чарасыз таштоо жахилдик жана жалкоолук.

* Бир кабар уккан кезиңерде аны башкаларга айтуу үчүн эмес ага өзүңөр уюу үчүн жакшы түшүнүп ойлонгула! Себеби, илимди риваят кылгандар көп, бирок, ага көңүл бөлгөндөр өтө аз.

* Иштин өзөгү үч нерсе: Халал тамактануу, аклах жана амалда Расулуллахка баш ийүү, ар ишти бир гана Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн кылуу.

* Кулдуктун эң жакшысы – кулдун Аллаху таала берген ниматтар алдында шүгүрдөн алсыз болгондугун билүүсү.

* Күнөөлөр жашыруун кылынса мунун зыяны күнөөнү кылганга. Эгер ачыктан ачык кылынса жана буга кедерги болунбаса мунун зыяны баарына.

* Өч алып соңунда өкүнгөндөн көрө, кечирип өкүнүү мен үчүн мен үчүн сүйкүмдүүрөөк.

*Кедейлик – абалына шүгүр кылып, эч кимге арызын айтпастан муктаждыгын жашыруу болуп саналат.

* Бетпак киши – унутулган күнөөлөрүн ачыкка чыгарган киши.

* Өлүм келе электе эсебиңерди кылгыла. Кечиримге ээ болуу үчүн тообо кылгыла.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш