Туура бирөө гана


* Ар жерде туура бирөө гана.

* Суу бир ташты ээриткен болсо, Аллаху тааланы зикир менин жүрөгүмдү ээритпейби? Идиш жабык болсо суу каерге толот, көңүлүбүздү ачык кармообуз керек. Апрел жамгыры канчалык мол жааса да идиштин оозу жабык болсо кырк жыл береке жааса да идишке бир тамчы да кирбейт.

* Бишр Хафи хазреттеринин үйүнө келген зат эркинсиңби же кулсуңбу деди. Эркинмин деп жооп бергенде таштап чыгып кетти. Артынан жүгүрүп барып, эмне үчүн кетип калдың деп сураганда: «Сен эркинмин дедиң. Кулмун дегениңде кулдугуңду билмексиң», - деп жооп берди.

* Ар бир завалдын бир кемалы жана ар кемалдын бир завалы бар. Эгер завал убактысы келген болсо муну эч ким токтото албайт, а эгер завал убактысы келбеген болсо муну эч ким алдыга жылдыра албайт. Бутубузга бир тикен кирсе муну бир күнөөбүздөн улам болду деп билүүбүз керек.

* Ооруда шыпаа бар. Буттарыбыз ооруса да. Бул денеге оору берген бардык нерсе адамдын өзүнүн алсыздыгын түшүнүүсүнө, Жанабы Хакка жүзүн буруусуна себеп болот. Бул себептен улам көңүл үчүн шыпаа.

* Аллаху таала Бараат түнү кечирим жана магфират убада кылууда. Жанабы Хак убадасынан кайтпайт.

* Аллаху таала кыйын абалда турганда кылынган дубаны кабыл кылат. Оору кыйынчылык болгондугу үчүн ооруган адамдын дубасы кайтарылбайт. Ар бир кыйынчылык дагы дал ушундай.

* Ооруга, кыйынчылыкка кайгырылбайт. Бир гана кызматтарына, намазына кедерги болсо ошондо гана кайгырууга болот. Муну менен бирге оору жана кыйынчылыктар тиленбейт, оорубаш үчүн себептерге жармашылат, буга карабастан башка түшсө сабыр кылынат.

* Көңүлдөрдү тазалоонуну бир дарысы – Аллах досторунун сөздөрү. Алардын жазууларын окуганда көңүлдөр тазаланат.

* Жума күндөрү өлгөндөрдүн рухтары тааныгандарына, бала-бакырасына келишет, бир хадия күтүшөт, бир Ясин шариф окуса, сообун мага хадия кылса деп күтүшөт.

* Таза жана адалдан же дагы, кааласаң таңга чейин ибадат кыл, кааласаң укта!

* Момун адам соодагерге окшойт. Парздар анын сермаясы, нафилдер болсо табышы. Сермаяны куткармайын табышы болбойт.

* Шашылба! Шашылган адам же ката кылат, же каталуу жагдайга жакын болот. Оор басырыктуу кыймылдаган адам ал иште бутага жетет же бутага жетүүгө жакындайт. Шашылуу шайтандан. Оор басырыктуу кыймылдоо Аллаху тааладан. Көбүнесе шашылууга себеп – дүнүйөлүк топтоого берилгендик. Канаатчыл бол. Канаат – түгөнбөгөн казына.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш