Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жооп узун болгондо чындык жашыруун калат




Жооп узун болгондо чындык жашыруун калат


* Бардык коркунучтардын башы – тойгончо жеш.

* Дүнүйөдө Аллаху тааладан эң көп корккон адам кыямат күнү адамдардын эң аманы болот.

* Жооп узун болгондо чындык жашыруун калат.

* Өзүңдөгү жашыруун калуусун каалаган бир нерсени башка бирөөнөн көрсөң ачыкка чыгарба.

* Кимге ушул 5 саадат берилген болсо ал адам өтө бактылуу: 1-Ден-соолук, 2-Ишенимдүүлүк, 3-Ырыскынын кеңдиги, 4-Мээримдүү жана опаалуу жар, 5-Кутулуу сезими.

* Акыретте сага керек болчу нерсени бүгүн биринчи орунга кой. Акыретте сага зыян бере турчу нерсени ташта.

* Эне баласынан кача турчу кыямат күнү үчүн даярдык көрбөгөн адамга убал болсун!

* Эй, адам! Бул күндөр сөзсүз келип-кетет, атүгүл көбү өттү. Андай болсо, жок дегенде калгандарынын кадырын бил!

* Акылдуу киши Аллаху тааланы көбүрөөк тааныйт. Көбүрөөк тааныган адам максатына тез жетет.

* Эмгектенип тобокел кылуу бир четке чыгып ибадат кылуудан кайырлуу.

* Сени Аллаху таалага жакындаткан нерсе – муктаждыгыңды Андан сурооң. Сени элге сүйдүргөн нерсе болсо – алардан бир нерсе сурабооң.

* Көралбас кишинин тынчы жок болот.

* Башкалардын зыян көрүүсүнө кубанган киши кутулууга жете албайт.

* Аллаху тааланын буйруктарын орундап, тыюуларынан сактанууну олжо деп билүү керек.

* Ачкөздүк гафилдердин көңүлүндө шайтандын султаны.

* Дүнүйөлүккө жетүү үчүн акыретти берүү жана адамдарга жагынуу үчүн Аллаху тааланы таштоо – акмактык.

* Аялынын кыйынчылык тарттыруусуна сабыр кылган адамга Аллаху таала Аййуб алейхиссаламга берилген сооптон берет.

* Ким Жаннаттыктардан болуусуну кааласа салих адамдар менен бирге болсун.

* Дүнүйө жана акыретте азап жана кайгыдан кутулууну каалагандар жаман ахлактуулар менен көрүшпөөлөрү керек.

* Бири-бирине таарынгандар элдешүүлөрү керек. Биринчи кадам жасаган киши биринчи Жаннатка кирет.

* Ыйман жана илим эгиз бир тууган жана бири-биринен ажырабаган дос сыяктуу.

* Харам акча менен садака берген, мечит жасаткан, кайрымдуулук кылган адам кирдеген кийимди заара менен жууган адамга окшоп, андан бетер кирге батат.

* Ачуу жана ачкөздүктөн сактанган адам кутулду.

* Же көрүнгөнүңдөй бол же болгонуңдай көрүн!

* Ким Аллаху тааланын өзүн көрүп тургандыгына йакин даражада ишенсе дене мүчөлөрүн жана көңүлүн күнөө иштерге алдырбайт.

* Бир момундун көңүлүн кубантуу мага нафил ажылык кылуудан да жакшы келет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш