Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Өлгөндө пайдасы тийбей турчу иштерди ташта




Өлгөндө пайдасы тийбей турчу иштерди ташта


* Кыйынчылыктарга чыдоо, ачууланбоо, күлөр жүздүү жана таттуу сөздүү болуу көркөм ахлактан.

* Мал оокатты сүйсөң анда өз ордуна сарпта, сага чесиз дос болсун! Эгер жакшы көрбөсөң же, жок болсун.

* Сабырдуу адамдар – кыйынчылыктарга чыдоону өздөрүнө мүнөз кылгандар.

* Илими көбөйгөн сайын күнөөсү көбөйгөн адам - күмөнсүз куруй турчу адам.

* Аллаху тааланы сүйгөндөр дүнүйө жана акырет кадырына татуу менен кетишти. Себеби, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Киши сүйгөнү менен бирге», - деп буюрду.

* Өлгөнүңдө сага пайда бербей турчу ар ишти ташта! Ушундай кылсаң качан өлсөң да зыянга кирбейсиң.

* Илим үйрөнүүнүн 4 шарты: 1- Унчукпоо жана адептүү болуу, 2- Дыкаттык менен угуп жаттоо, 3- Үйрөнгөнү менен амал кылуу, 4- Башкаларга үйрөтүү, аны жайылтуу.

* Эң көп жакшы көргөн нерсем – Аллаху таала мага тартуулаган ыйман нематы. Эң көп корккон нерсем болсо – анын менден кетүүсү.

* Аллаху таалага баш ийүү бир казынага окшойт. Бул казынанын ачкычы – дуба, ачкычынын тиштери болсо адал тамак.

* Аллах коркуусу сени Ага жеткирет жана өзүңдү жактыруудан алыстатат.

* Конок күтүүдө да ысырап кылуу адал эмес.

* Адамдардан келген кыйынчылыктарга сабыр кылбаган адам, аларга жооп кайтарууну таштабаган адам сабырдуу деп саналбайт.

* Эки мүнөз: башкаларды капалантпоо жана алардан келген кыйынчылыктарга чыдоо.

* Адам өлүмдү эстеген сайын көралбастыкты жана кызганчаактыкты таштайт.

* Текебер адамдар өздөрүнүн бир тамчыдан пайда болгондуктарын жана кийин чирип, жыттанган тарп боло тургандыктарын билип турушса да ага болбой текеберленишет. Булар эмнесине ишенишет болду экен?

* Макамдардын эң жогорусу – жаман бир мүнөздү жакшы бир мүнөзгө өзгөртүү.

* Адам Аллаху таалага ибадат кылмайынча жумшак боло албайт.

* Өлүмдү чындап тааныган бирөөнө дүнүйөнүн балээ жана кайгылары, дарт жана кыйынчылыктары өтө жеңил келет.

* Бирөөнүн акмак экендигинин белгиси – өз айыптарын таштап башкаларынын айыптары менен алек болуусу.

* Эне-атага адал жана мубах болгон иштерде баш ийилет. Харам жана күмөндүү нерселерде эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш