Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бардык нерсе сөз тыңдаганга берилет




Бардык нерсе сөз тыңдаганга берилет


* Тасаввуфта (сопулукта) кылган кызматтарды өзүнөн деп билгенге кыянат делет.  

* Бардык нерсе сөз тыңдаганга берилет, мунун ичинде баары бар.

* Акылыңды ташта да кутул, таби бол да бакыт тап.

* Адамга дөөлөт бир канча жолу өтөт. Анын кадырын билүү керек!

* Фитна чыгаргандар бир күнөө кылат. Аны уукандар эки күнөө кылат. Биринчиси уккандыгы үчүн, экинчиси оозун баспагандыгы үчүн. Унчукпа дегенге шейит сообу бар. Бир мунафык бир ордону бузат.

* Башта Исламиятка толук амал кылган бир амир бар болсо, ага баш ийүү толук болсо, баары аны сүйсө, колунда куру кылыч болсо да жеңишке жетилет.

* Ишти ылайыгына берүү керек. Ылайыгына бербеген жоопкер болот. Ылайык болбогонуна берсе дагы жоопкер болот.

* Амир мына ушундай болуусу керек, кол астындагы баары «Амирим мени баарынан жакшы көрөт» дей алуусу керек.

* Эң чоң душманыңа эң чоң белекти бер.

* Ар бир кайырлуу ишти баштарда билмиллах айтуу керек.

* Түркүн, даамдуу тамактар менен жана муздак шербеттер менен денеңенди ырахат жана жакшы кармагыла.

* Айбан тизгининен, адам сөзүнөн кармалат.

* Адам ар айтканын билүүсү керек, бирок, ар билгенин айтпоосу керек.

* Дарттууcуңбу, истигфар оку, шыпаа табасың. Бир арзуу тилегиң барбы, жеткиң келеби, истигфар оку. Кедейсиңби, истигфар оку, зыянынан кутуласың. Байсыңбы, истигфар оку, шүгүр кылган болосуң. Аллаху таала:«Истигфар кылгандын жардамына жетишемин», - деп буюрууда.

* Эки зыйнат адамды кооздойт: Жөнөкөйлүк, уяттуулук жана адеп.

* Адамдарга рахмат айтпаган адам Аллаху таалага шүгүр кыла албайт.

* Жакшы болуп көрүнгөндө жамандык, жаман болуп көрүнгөндө жакшылык да болуусу мүмкүн.

* Ким Аллаху үчүн болсо, Аллаху таала дагы ал үчүн.

* Шүгүр дегендик – нематтарды орду-ордунда колдонуу дегендик. Мисалы, көз нематынын шүгүрүн кылуу үчүн Аллаху таала кара деген жерге каралат, караба деген жерге каралбайт.

* Жахилдер менен достук куруудан сактангыла. Исламиятты там билбеген, амал кылбаган адам олуялык жолунда болууга белсенсе, мунун ыйманын шайтан уурдайт. Өзүндө кереметке окшогон кээ бир абалдар көрүлсө да, бул – шайтандын оюну.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш